Түрк басма сөзү-11.07.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

768562
Түрк басма сөзү-11.07.2017

«Хүррийет» гезити «Түркияны энергетика базасына айландырабыз» аттуу маалыматында Стамбулдагы Дүйнөлүк мунай зат конгрессинде сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Түркияны жогорку кошумча нарктуу технология өндүргөн энергетика базасына айландырабыз», дегенин, ушул максат менен улуттук булактардын түрү көбөйтүлө турганын айтканын баяндаган. Эрдоган, Түркиянын күн тартибиндеги жаңы долбоорлордун арасында алдыңкы пландын «Түштүк газ коридору» экенин, берки долбоордун болсо дүйнөнүн эң маанилүү газ экспортчу өлкөсү Орусия менен жүргүзүлгөн «Түрк агымы» долбоору экенин белгиледи.  «Өлкөбүз ээ болгон мүмкүнчүлүктөрү менен энергиянын кулатуу, чыңалуу жана араздашуу эмес, тынчтык жана өнүгүүнүн булагына айланышы үчүн аракет кылуудабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Жер Ортолук деңиз жана Кара деңиздеги бургулоо Европа үчүн маанилүү»  аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын Түркиянын акыркы 15 жылда энергетикада төңкөрүш мүнөзүндөгү кадамдарды таштаганын белгилеп, «Жаратылыш газ өткөрүү желебиздин бир күндүк ташуу көлөмүн 190 миллион метр кубдан 300 миллион метр кубга, андан кийинки 2 жыл ичинде 400 миллион метр кубга жеткиребиз. 2023-жылдан тарта 11 миллиард метр кубдук жаратылыш газ топтоо көлөмүнө жетип бул тармакта аймактагы эң чоң көлөмгө ээ өлкөлөрдөн бири болобуз»,-деп катканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия менен карым-катнаштарыбыз жакшырууда» деген маалыматында 22-Дүйнөлүк мунайзат конгрессине катышуу жана расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн жекшемби күнү Стамбулга келген АКШнын мамлекеттик атчысы Рекс Тиллерсондун Вашингтондун Анкара менен чыңалууну басаңдатуу ниетинде экенин айтканын баяндаган. АКШнын консулдук кызматкерлерине кайрылган Тиллерсон: «Бири-бирибизге карата жоготкон ишенимди кайрадан куруудабыз»,-деди жана Түркия менен карым-катнаштардын, коопсуздук көз карашы жагынан алдыдагы экономикалык мүмкнчүлүктөргө чейин күтүлбөгөн деңгээлде маанилүү экенин айтты.

«Йени шафак» гезити «Түркия ДЕАШка баш көтөртпөйт» деген макаласында Ички иштер министрлигинин Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүсү туурасында түрк жана англис тилдеринде китеп жарыялаганын жазган. Уюмдун эң чоң зыянынын аймкатын калкына жана Ислам дүйнөсүнө болгонун баса белгилеген китепте, ДЕАШтын террор уюму катары кабыл алынышы, Түркияда ишке ашырган кол салуулары, уюмдун мүчөлөрүнүн кармалышы жана «Евфрат калканы» кыймылы тууралуу кеңири маалыматтар орун алды. Китепте ДЕАШтын чет элдик террорист согушчулапры жана «жалгыз карышкыр» кыймылын кыла ала турган кишилери болушунун себебинен глобалдык коркунуч бойдон турганы белгиленди.

«Стар» гезити «Улуттук Билим берүүдөн PISAга жергиликтүү атаандаш» деген маалыматында Улуттук билим берүү министрлиги тарабынан Түркияда окуучулардын жетилүүлөрүн жана мектеп базасындагы ийгиликтерин өлчөй турган Эл аралык окуучуга баа берүү программасы (PISA) менен Эл аралык так илимдер жана математикалык билим берүү изилдөөсүнө (TIMSS) атаандаш боло турган «Билим берүүдө окуучунун жетилүүсүн байкоо системасы» ишке ашырылууда экенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар