Түрк басма сөзү-10.07.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

767967
Түрк басма сөзү-10.07.2016

«Стар» гезити «3 өлкөгө Катар сапары» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Гамбургдагы Чоң жыйырмалыктын саммитинен өлкөгө кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Катар кризисине да токтолгонун маалымдаган. Анда АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууларда экөөнүн тең диалог жолу менен чечим табылышын жактаганын белгиледи. 15-июлдан кийин Перс булуңу аймагын кайра кыдырууну каалаганын айткан Эрдоган: «Аймакка жасай турган сапар менен диалогдун өөрчүшүнө балким салым кошо алабыз. Өзгөчө Катар, Кувейт, Сауд Арабияга барууну пландоодобуз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түрк калкы өлкөсүн коргоду» деген маалыматында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Стамбулдагы 22-Дүйнөлүк мунайзат конгрессине катышканын жазган. 15-июлдагы төңкөрүш аракети тууралуу сөз сүйлөгөн Тиллерсон: «Орто эсеп менен 1 жыл мурда түрк калкы төңкөрүшчүлөргө каршы турду жана өз демократияларын коргоду. 2016-жылдын 15-июлунда каза болгондордун намыс жана эрдиктери мактоого арзырлык. Түрк калкы, конституциясындагы укукту колдонуп өлкөсүн коргоду. Курман болгондор жана жарадар болгондорду таазим этип эскеремин»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Дастандын 1 жылдыгында демократия күзөтү» деген маалыматында 15-июлдун бир жылдыгында шейиттерибиз дубалар менен эскерилет, эстеликтер ачылат деген. Символдук жерлерде эскерүү иш-чаралары, улуттук биримдик жүрүшү жана демократия күзөтү болот. Президент Режеп Таййип Эрдоган, программалардын көпчүлүгүнө өзү барып катышат. Эртең төңкөрүштүн багытытн бурган шейит Халис Демир менен Эрол Олчак жана уулунун көрүстөндөрүнө зыярат кылынат.

«Сабах» гезити «Түркия энергетикада оюн куруучу жана аймактык актер» аттуу маалыматында 22-Дүйнөлүк мунай зат конгрессинин ачылышында сөз сүйлөгөн энергетика министри Берат Албайрак: «Түркия аймактык энергетика долбоорлору үчүн оюн куруучу жана коопсуз өнөктөш катары эң маанилүү актерлордон бири. Тынчтыкка жана өнүгүүгө салым кошкон сайын инвестицияларды колдойбуз. Баку-Тбилиси-Жейхан мунай зат кууру багыты жана Транс Анадолу жаратылыш газ кууру (ТАНАП) мунун эң маанилүү үлгүлөрүнөн бири болуп саналат. Түрк агымы да ушундай долбоорлордон бирине айлана алат»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Афродисиас дүйнөлүк мурастар тизмесинде» деген маалыматында Айдындын Каражасу районунда байыркы грек жана рим доорлоруна таандык эң көркөм байыркы шаарлардан бири болгон Афродисиас ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурстар тизмесине киргенин жазган. Польшанын Краков шаарында болгон ЮНЕСКОнун 41-Дүйнөлүк мурастар жыйналышында Түркиянын талапкери Афродисиас археологиялык аянтынын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине катталышына чечим чыгарылды. Тарыхта шаардын эң маанилүү теңирчеси болгон Афродит ыбадатканасы менен атагы чыккан Афродисиас б.з.ч. 2-кылымдан  б.з. 6-кылымына чейин кооздугун сактаган. Афродисианын да Дүйнөлүк мурастар тизмесине кириши менен Түркиянын бул тизмедеги саны 17ге жетти.



Тектеш кабарлар