Түрк басма сөзү 3.07.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

763643
Түрк басма сөзү  3.07.2017

«Стар» гезити «Хубер сарайында орчундуу жолугушуу» деген маалыматында Түркиянын Сирияда Афринге кийлигишүү даярдыктары менен бирге дипломатиянын ылдамдагандыгын жазган. АКШнын ДЕАШ менен күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Макгурктун Анкара сапарынан кийин Орусиянын коргоо министри Түркияга келди. Президент Р. Т. Эрдоган Орусия федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгуну Стамбулда Хубер сарайында тосуп алды. Жолугушуу тууралуу билдирүү берилбестен, сапардын түрк куралдуу күчтөрүнүн Афринди текшерүү астына алуу процессинде түрк жана Эркин Сирия Армиясынын бөлүктөрүн абадан коргой тургандыгын  билдирген мезгилге туш келиши көңүлдөрдү бурду.

«Хабер түрк» гезити «Террорго жашыруун колдоо эми ачыкча ортого чыга баштады» деген макаласында президенттиктин башкы кеңешчиси Ялчын Топчунун жарандык коом мекемелери менен жолугушкандыгын, АКШ менен Германия баш болгон Түркиянын союздашы катары таанытылган өлкөлөрдүн саясий тармактагы мамилелерине баа бергендигин жазган. Топчу : «Негизги союздашыбыз АКШ жана башка союздаштарыбыз Европа Биримдиги өлкөлөрү оболу Ирак, эми да Сирияда ал түгүл узун мөөнөттө өлкө ичиндеги ФЕТӨ, жикчил террордук уюм ПКК, анын саясий уландысы ХДП жана DHKP-C, Лауренсенин мыйзамсыз баласы ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарды колдогондору, жашыруун колдоолорун ачыкка чыгарышкандары белгилүү»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түрк базасы калат» деген маалыматында Катарга блокада жасаган булуң өлкөлөрүнүн 13 беренелик талап тизмеси үчүн берген мөөнөттүн акырына келгендигин билдирген. Тизмени кабыл алышпай тургандарын билдирген Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман ел  Сани түрк базасынын да жабылбай тургандыгын айтты. Ел Сани : «Эч кимдин көз карандысыз бир өлкөгө ультиматум берүү акысы жок. Кол коюлган келишимдерден артка кадам таштабайбыз. Түркия менен карым – катнаштарыбыз биз үчүн баалуу»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия автомобиль өндүрүүдө дүйнөдө эң көп өскөн үчүнчү өлкө болду» деген маалыматында Түркиянын бүгүн дүйнөдө он түртүнчү, Европада бешинчи эң чоң автомобиль өндүрүүчүсү болгондугун билдирген. 2016 -  жылы өндүрүү сандарына караганда өсүү катнаштарында Иран менен Кытайдан кийин дүйнөдө үчүнчү орунду алды.

«Сабах» гезити «Түрк укукчулары Гарвард менен жарышты» деген макаласында Дүйнөлүк Соода Уюмунун 2002 -  жылдан бери өткөрүп келген эл аралык соода тема болгон укуктук конкурсуна биринчи жолу катышкан түрк студенттер ийгиликке жетишкендигин жазган. Жалпы дүйнөдө 79 команда катышкан конкурста Түркиядан фонд университетинин укук факультетинин студенттери финалга чыкты жана Гарвард университетинен кийин «Өнүгүп келе жаткан өлкөнүн өкүлү болгон мыкты команда» сыйлыгын алды.



Тектеш кабарлар