Түрк басма сөзү 29.06.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

761342
Түрк басма сөзү 29.06.2017

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу: биз бул жерге маселени чечүү үчүн келдик» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун жетекчилигиндеги түрк делегациясы Швейцариянын Кранс  - Монтана шаарында башталган Кипр конференциясынын биринчи отурумунда : «Биз бул жерге маселени чечүү үчүн келдик. 50 жылдан бери болуп келе жаткан маселе чечилиши керек»,- деди. Бардык маселелер бирдей учурда каралган сүйлөшүүлөрдө Түркия аралда адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жол тууралуу саясий эркин дагы бир жолу баса белгиледи.

«Хабер түрк» гезит «Эң ишенимдүү порт Түркия» деген маалыматында президенттин башкы кеңешчиси Бүлент Гедикли социалдык медиа эсебинен берген маалыматында : «Түркияга капитал кириши улантылат. Алдыбыздагы күндөрдө  финансы базарларында дагы жаңы нерселерди көрөбүз» - деди. Бүлент Гедикли : «Азыркы учурда дүйнөдө акча бара турган ишенимдүү порттордун арасында Түркия биринчи орунда турат»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Катарда бир гана түрктөр иш аткарат» деген маалыматында Катарда бийликтеги Ел Тани үй  - бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн бирөсү жана Катардын алдыңкы курулуш фирмаларынан Шарака Холдингдин ээлеринен болгон Шейх Абдулазиз бин Ахмед Ел Тани : «Биз үчүн Булуң  Кызматташтык Кеңеши бүттү, мындан кийин бардык проектилерибизди Түркия менен ишке ашырабыз»,- дегендигин билдирген. Сауд Аравия башкарган Булуң өлкөлөрүнүн Катарга жасаган блокададан улам санааркагандыгын айткан Шейх Абдуллах Катардын мындан кийин  өзгөчө Түркиядан, Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүнөн жана Африкадан келген продукциялар үчүн борбор болорун белгиледи. Шейх Абдуллах түрк фирмаларына медицина жана курулуш тармагында кенен мүмкүнчүлүктөрдү беришерин белгиледи.

«Ватан» гезити «3. 5 миллион араб турист күтүлүүдө» деген маалыматында араб туристтердин акыркы жылдарда Түркияга көп келе баштагандыгын жазган. Бул жылы 3, 5 миллион араб туристтин Түркияга келиши күтүлүүдө. Бир үй – бүлөнүн орточо чыгымы 3 миң доллар болсо, батыштык туристтер үчүн 700 долларга түшүүдө. Араб – түрк ишкерлер коомунун төрагасы Жемалеттин Керим акыркы үч жылда Түркияга 7 миллион араб туристтин келгендигин жана араб өлкөлөрүнүн эми Түркияны жакындан тааныгандыгын белгиледи.

«Сабах» гезити «Уйку апноэсин аппарат менен дарылоо» деген маалыматында дүйнөдө чоң массаларга таасирин тийгизген жана дарыланбаса рак, диабет жана жүрөк ооруларына жол ачкан  уйку апноэси синдромун дарылоо Богазичи университетинин мугалимдеринен келди. Биомедициналык инженерия инстутунда иштеген түрк илимпоздор доцент Өзгүр Кожатүрк, доцент Альберт Гүвениш жана аспирантура студенти Сефа Зүлфикар чыгарган ооз ичине жайгаштыра турган аппараттын жардамы менен оору оңой менен эле дарыланат. Дүйнөдө башка үлгүсү болбогон аппарат коңурук тартууну да чоң өлчөмдө азайтат.



Тектеш кабарлар