Түрк басма сөзү 23.06.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

758286
Түрк басма сөзү 23.06.2017

«Стар» гезити «Куралдарды көмүшөт же көмүлөт» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Анкаранын Кахраманказан районунда дыйкандар менен жоолугушкан ооз ачууда террор менен күрөшүүгө токтолгондугун жазган. Эрдоган  : «Аймагыбыздагы кризистерди өлкөбүзгө алып келүүгө аракет кылгандардын каалоосу болбойт. Террористтерди өлкө ичиндеги жана өлкө тышындагы уяларын таап жок кылып, бул жаман оюндарын сөзсүз бузабыз. Тендүректе, Жудиде, Габарда, Бестлер Дерелерди атып жатабыз, алар куралдарын көмгөнгө чейин биз аларды көмөбүз. Ошондой эле Кандилге да барабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «АКШ артка кадам таштады: ЙПГдеги бардык куралдар алынат» деген маалыматында АКШнын коргоо министри Жим Маттис улуттук коргоо министри Фикри Ышыкка кат жазгандыгын билдирген. АКШ мындан мурда ПКК жикчил террордук уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГге берилген куралдарын кайра алына албай тургандыгын жарыялаган болчу. Катта : «Куралдардын тизмеси Түркияга берилет. Ракканын ДЕАШтан тазалоо операциясынын акырында баары чогултулат»,- деп жазылды.

«Сабах» гезити «Түрк аскери Катарда» деген кабарында Түрк куралдуу күчтөрүнүн Катар аскерин машыктыруу жана орток машыгуунун өткөрүлүшүн камтыган кызматташтык үчүн даярдыктардын ылдамдагандыгын жазган. Машыктыра турган түрк аскери Катарга жибериле баштады. 25 аскерден турган эки группа кечээ эрте менен Катарга барды. Группада 25 аскер жана 5 ок өткөрбөс унаа бар. Катарда курула турган аскердик базада кызмат кыла турган аскерлердин группа түрүндө аянтты таануу жана аянтта тажрыйбага ээ болуу үчүн өз ичинде шайкештик машыгуусун өткөрөрү билдирилди. Машыгуунун булуңдагы эч бир өлкөнү бутага албай тургандыгы, бардык аймактын коопсуздугу үчүн өткөрүлөрүнө көңүл бурулду.

 

«Хабер түрк» гезити «Түрк агымынын курулушу алты миллиард долларга жетет» деген макаласында Орусиянын эң чоң жаратылыш газ өндүрүүчүсү Газпромдун жогорку мартабалуу башкаруучусунун орун басары Андрей Круглов Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу проектисинин эки жолунун курулушуна  алты миллиард доллар жумшалышы күтүлүп жаткандыгын билдиргендигин жазган. Жолдордон биринчиси Түркияга барат экинчиси да Европага жаратылыш газ алып өтөт. Түрк агымы түтүк жолу Орусиядан чыгып Кара деңизден өтөт жана Түркияга келет. Пландалган эки жолдун да 2019 – жылдын акырына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

«Хүррийет» гезити «Биржада эрте майрам» деген маалыматында акыркы алты айда жогорулоо көрсөткөн Биржа Стамбул майрамды эрте жашагандыгын жазган. Бул жылы 28 пайыздык баага жетишип дүйнөнүн эң көп киреше алып келген биржаларынын арасына кирген Биржа Стамбул кечээки күндү 0. 69 пайыздык жогорулоо көрсөтүп 100 миң 72 балл менен жапты. Мында чет элдик инвесторлордун да таасири болду. Акыйкаттан да Борбордук банктын маалыматына караганда 16 -  июнду камтыган жумада чет элдиктер 1 миллиард долларлык акция жана облигация алган.



Тектеш кабарлар