Түр басма сөзү 16.06.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

753863
Түр басма сөзү 16.06.2017

«Хүррийет» гезити «Түрк калкына ыраазыбыз» деген маалыматында Катардын Анкара элчиси Салим Мүбарек ел  - Сафи, кээ бир булуң жана араб өлкөлөрүнүн чыгарган чечимдери жана Түркиянын бул процессте берген колдоосуна баа бергендигин билдирген. Элчи Ел – Сафи президент Р. Т. Эрдогандын өлкөсүнө берген колдоосунун абдан маанилүү экендигин айтып, Түркия менен курулган комиссиянын саясында чукул жана күнүмдүк муктаждыктарын камсыз кылгандыгын белгилеп : «Түрк калкына ыраазыбыз»,- деди.

 «Йени шафак» гезити «Газага майрамдык белек» деген маалыматында дүйнөдө эң көп жардам берген өлкө  болгон Түркия дүйнөнүн төрт тарабындагы жабыркоочуларга  майрамдан мурда да жардамдар улантууда. Эң акыркы болуп 4 -  июнда Сомалиге «Үмүт бол» аттуу жардам кемеси менен гуманитардык жардам жиберген Түркия Палестинаны унуткан жок.  Премьер – министр Бинали Йылдырымдын Палестина үчүн сүйүнчүбүз бар деген билдирүүсүндө премьер – министрликтин апаат жана чукул абалдарды башкаруу төрагалыгынын координациясында Газага 15 тонналык гуманитардык жардам алып бара турган кеменин эртең жолго чыгары билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия  - Сауд Аравиядагы маданият жылы үчүн аракетке өтүлдү» деген кабарында Түркия менен Сауд Аравиянын 2017 – 2018 – сезонун «Маданият жылы» деп жарыялоосу күтүлүп жаткандыгын жазган.  Эки өлкөнүн министрликтери бирдикте иштейт жана бул жылы эки өлкөдө фестивалдар менен концерттер, көргөзмөлөр, театр жана түрдүү иш чаралар өткөрүлөт. Маданият жана туризм министри Наби Авжы Сауд Аравиянын Анкарадагы элчиси Валеед Элкережини кечээки кабыл алуусунда маданият жылы тууралуу эки өлкөнүн делегацияларынын бири бирине карата сапарлары менен иштөө календарынын түзүлөрүн жана маданият жылынын негизинде өткөрүлө турган иш чаралардын белгиленерин айтты. Эки өлкөнүн ортосунда биринчи болуп 1974 -  жылы кол коюлган Маданий кызматташтыкты ишке ашыруу программасы, маданият жана туризм министри Наби Авжы менен Сауд Аравия королдугунун маданият жана информация министри Адел бин Заид Ал  - Тораифи тарабынан кол коюлуп турмушка ашырылган болчу.

«Сабах» гезити «Эки айда 817 миң   жумуш менен камсыз кылуу» деген маалыматында бул жылдын биринчи чейрегинде 5 пайыз менен чоң жыйырмалар жана Экономикалык кызматташтык жана Өнүгүү Уюму ОЕСД  ортоломосунан эки эсе өскөн  Түркия президент Р. Т. Эрдогандын 7 – февралдагы «жумуш менен камсыз кылуу» чакыруусунун таасири менен февраль айында 284 миң жаңы  жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жаратылып, март айында бул сан 533 миңге чыкты. Ушундайча эки айда жалпы 817 миң жумуш менен камсыз кылуу жаратылды. Март айында күндө орточо 17 миң 192 киши жумуш менен камсыз кылынды. Түркия статистика мекемеси тарабынан кечээ билдирилген маалыматка карганда январь айында 13 пайыз менен 7 жылдын эң жогорку чегине жеткен, февраль айында 12, 6 пайызга артка чегинген жумушсуздук март айында 11, 7 пайыз менен 7 айдын эң төмөн деңгээлине жетти.

«Ватан» гезити «Кичине эмес миллиардык фирмаларды каалайбыз» деген маалыматында Биржа Стамбулдун башкаруу кеңешинин төрагасы Хикмет Карадаг биржа башкаруусуна өзгөртүүлөрдү киргизишкендерин жана бекитүү үчүн капитал базары кеңешине сунушташкандарын айтты. Кичине өлчөмдөгү фирмаларды каалашпагандарын айткан Карадаг : «Мындан кийин биржада 1 миллиард лира өлчөмүндөгү фирмаларды каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар