Түрк басма сөзү 12.06.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

750735
Түрк басма сөзү 12.06.2017

«Сабах» гезити «Түркия бардык аймактагы кыйналгандарга жардам берет» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Стамбулда катышкан Кызылай сыйлык тапшыруу аземиндеги сөз сүйлөөсүндө: «Согуш убагында жаракат алган аскерлерибизге жардам берүү үчүн түзүлгөн жана бара-бара бардык кыйналгандардын үмүтү болгон Кызылайыбыздын дүйнөнүн төрт тарабында жүргүзүп жаткан иштери мактоого арзырлык. Түрк Кызылайы иш-чараларын Түркияда гана эмес, дүйнөнүн төрт тарабында улантууда»,-деп айтканын жазган. Президент Эрдоган, Түркиянын дүйнөдөгү эң чоң баш калкалоочуларга жардам операциясын эч кимден жардам албастан өзү жүргүзө алган болсо, мында Түрк Кызылайынын чоң ролу бар экенин да баса белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Катарга 5 күндүн ичинде Измирден учкан 15 учак менен бир миң тонналык азык-түлүк колдоосу камсыздалды» деген маалыматында араб өлкөлөрү дипломатиялык алакаларын токтоткон Катарга карай Түркиядан азык-түлүк жардамдары күнүгө үч жолу Түрк аба жолдорунун каттамы менен улантылып жатканын билдирген. Президент Режеп Тайип Эрдогандын буйругу менен башталган жардам көрсөтүүлөр экономика министри Нихат Зейбекчинин координациясында уланууда. Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Египеттин эмбаргосунун айынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан Катарга 5 күндүн ичинде Измирдеги «Аднан Мендерес» аэропортунан учкан 15 учак менен бир миң тонналык азык-түлүк колдоосу камсыздалды.

«Ватан» гезити «ФИФАдан Катар билдирүүсү» деген макаласында Эл аралык футбол федерациясынын төргасы Жанни Инфантино Булуң өлкөлөрүнүн ортосундагы кризиске карабастан Катардын 2022-жылы өтүүчү ФИФАнын Дүйнөлүк Кубогуна даярданаарына ишенгендерин белгилеп: «ФИФА, маселеге жакын байкоо салып жатат жана Катардагы башкаруучулук менен тынымсыз байланыш абалында»,-деди. Дүйнөлүк Кубоктун өткөрүлгөнүнө 5 жыл болгонун эске салган Инфантино: «Футбол учурдагы абалдын оңолушуна салым кошо ала турган болсо, бул жардамды берүүдөн тартынбайбыз»,-деп кошумчалады.

«Йени шафак» гезити «Ар бир адам үчүн бир көчөт отургузулат» деген маалыматында дүйнө жүзүнө таасирин тийгизе баштаган чөлгө айлануу коркунучу 168 өлкөдө 1.5 миллиард адамга түздөн-түз терс таасирин тийгизе турганын билдирген. Жыл сайын 12 миллион гектардык талаа аянты чөлгө айлангандыктан өндүрүштө келээрки он жылдын ичинде 2 пайыздык азаюу  күтүлүп жатат. Түркия бул маселеге карата көптөгөн чараларды көрдү жана кыймыл планын даярдады. Түркия 2023-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү ар бир адам үчүн 7 миллиард көчөт отургузат.

«Стар» гезити «Миллиондук яхталар Бодрумга келди» деген маалыматында 14-18-июнь күндөрүнүн аралыгында Бодрумдагы Палмаринада өтө турган Яхтшоу жарманкесинде бири-биринен өзгөчөлөнгөн яхталардын көрсөтүлө турганын билдирген. Жергиликтүү 250 бренд орун алган Yachtshow Eurasiaда 200дөн ашуун яхта-кемелер сунушталат. Итальян «Сан-Лоренцо-72» аттуу яхта жарманкеде сатууга коюлат. Бир миллион 990 миң еврого бааланган Сан-Лоренцо-72, жергиликтүү жана чет элдик кардарлардын көздөгөнүнүн арасында болмокчу. Жарманкеде Serenity-2 да орун алат. Баасы болсо 32 миллион түрк лирасы.



Тектеш кабарлар