Түрк басма сөзү 2.06.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

744516
Түрк басма сөзү 2.06.2017

«Йени шафак» гезити «Түркиянын балдары, бул улут силерди жүрөгүндө сактайт» деген маалыматында Түркиянын Шырнак элетинде тик учар кырсыгында каза болгон 13 каарманына ыйлам жаткандыгын жазган. Кырк үч күндөн бери жүргүзүлүп келе жаткан күрөштөн кийин Като тоосун ПКК террордук уюмдан тазалап, курал сактоочу жерлерин жардырган генерал – майор Айдоган Айдын жана тобу дуалар менен акыркы жолчулугуна узатылды. Генерал – майор Айдындын жаназа зыйнаты Анкарада Ахмет Хамди Аксеки мечитинде өткөрүлдү. Дин иштери боюнча башкармасы Мехмет Гөрмез катышкан жаназа намазына президент Р. Т. Эрдоган, мамлекеттик жогорку мартабалуу кызматкерлер менен жарандар катышты. Эрдоган Айдындын табытын көтөрдү.

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан АКШга катуу каршылык: ооз ачууну токтотушту, диний ишенич эркиндигине каршы эмес элеңер го?» деген макала жарыялады. Анда президент Р. Т. Эрдогандын президенттик комплексинде өткөрүлгөн «38 -  айыл өкмөттөр жыйынында» айыл өкмөт башчыларына кайрылгандыгы билдирилген.  Президент Эрдоган : «Америкада ушул күнгө чейин көнүмүш болгон салт бар эле. Дээрлик бардык рамазан айында тышкы иштер министрлери ал жердеги мусулмандарга ооз ачырчу. Бирок бул рамазанда АКШнын тышкы иштер министрлиги бул ооз ачууну жойду. Бөлүүчүлүк жок эмес беле? Силер диний ишенич эркиндигине каршы эмес элеңер го? Анда бул кылганыңар эмне?»,- деди.

«Сабах» гезити «Экспортто максат: рекорд» деген макаласында өткөн жылы экономикага салым кошо албаган экспорттун бул жылы өсүүнүн негизи болорунун белгилерин берди. Өткөн жылдын ноябрь айынан бери дайыма өсүүнү көрсөткөн экспорт май айында да 15, 8 пайызга артып, 12, 4 миллиард доллардан ашты. 5 айлык экспорт болсо 10 пайыздык артуу менен 63, 1 миллиард долларга жетти.

«Ватан» гезити Түркия экономикасынын дөңгөлөгүнүн ылдамдап бара жаткадыгын билдирген. Өндүрүш секторунда жакшыруу май айында ылдамдады. Өндүрүш жаңы заказдар, жумуш менен камсыз кылууда белгиленген жогорку өсүү менен бирге үч жарым жылдын эң жогорку чегине жетти.

«Хүррийет» гезити «Орус аял сүрөтчүлөр Стамбулду тыңшап жатат» деген маалыматында ар башка мезгилдерде, ар башка себептер менен келип ашык болгон жана жашай баштаган Стамбулду майлуу боек жана эбру сыяктуу ар башка техникалар менен тарткан чыгармаларында беш орус аял сүрөтчүсүнүн Орхан Вели Каныктын «Стамбулду тыңшап жатам» аттуу ырын абдан жакшы көрүшкөндөрүн, ошондуктан көргөзмөнүн атын ырдан алып коюшкандарын жазган. Евгения Лилина Яйыкоглу, Айгүл Окутан, Татьяна Кириллова, Корнелия Марган жана Анна Лукасевсканын чыгармаларынан турган көргөзмө 20 -  июнга чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар