Түрк басма сөзү-30.05.2017

Түрк басма сөзүнөн кыска маалыматтар.

742314
Түрк басма сөзү-30.05.2017

«Йени шафак» гезити «Суу астынан сүзүүчү кемеде немис өнөктөштүгү» аттуу маалыматында Түркия жана Германиянын коргоо өнөр жайында ири кызматташтыкка даярданып жатышканын жазган. Индонезиянын суу астынан сүзүүчү кеме муктаждыгын камсыздаш үчүн ачылган тендерге Германиянын TyssenKruup өнөктөштүгү менен кирген Коргонуу технологиялары инженердик жана соода А.К. тендерди утуп алган учурунда республика тарыхынын коргонуу тармагындагы эң чоң экспорт долбоорлорунан бирин аткарат. Түркия жана Германияны өнөктөш кылган долбоордун алкагында Индонезиянын деңиз күчтөрү үчүн 6 даана суу астынан сүзүүчү кеме курулушу көздөлүүдө. Долбоордун наркы 3 миллиард евро. Келишимдин алкагында 1 же 2 суу астынан сүзүүчү кеменин Гөлжүк кеме куруучу комплексинде курулушу, калганынын болсо Индонезияда курулушу пландалууда. Тип 214 классындагы абадан көз карандысыз кыймыл системасына ээ боло турган суу астынан сүзүүчү кемелердин курал-электрондук системасында Aselsan, Havelsan сыяктуу фирмалардын орун алышы пландалууда.

«Стар» гезити «Нежашиге жооп» деген маалыматында Африканы кургакчылык курчап алганда Түркиянын Динаят фонду исламдын алкгачкы эмигранттарына кучак жайган король Нежашинин неберелерин унутпаганын жазган. Түркиянын Динаят фонду, Эфиопиянын Афар провинциясынын Асиате шаарында 1500 үй-бүлөгө Рамазан айынан улам 40 миң тонна азык зат жардамын жеткирди. Фонд катары Рамазанда «Үстүндө тууганынын укугу бар» урааны менен 65 өлкө жана 278 аймакта иш-аракетин кылгандарын белгилеген Түркиянын Динаят фондунун долбоор башкаруучусу Йүксел Сезгин, Нежаши мырзанын неберелерине ишеним карызын төлөш үчүн өзгөчө Асиата шаарына учурагандарын да кошумчалады.

«Хабер түрк» гезити «Атактуу индус тойлорунун жаңы көздөлгөн жери Анталья» аттуу маалыматында Индиянын бай жана атактуу үй-бүлөлөрү үчүн маанилүү иш-чарага айланган тойлор, эми өз өлкөлөрүндө эмес чет өлкөлөрдө өткөрүлүүдө экенин маалымдаган. Көркөм индус салттарынын толугу менен ишке ашырылган жомок сыяктуу индус тойлору үчүн тандалган өлкөлөрдүн арасында Түркиянын Анталья шаары да бар. Чыымын келин камсыздаган бюджети миллион доллардан ашкан тойлор үчүн Анталья лагерлерин толук ачты.

«Хүррийет «гезити «Нью-Йоркто чертет» деген маалыматында виоленчелист Чаг Эрчагдын таланты өлкө чек араларынан ашканын жазган. Жаш музыкант дүйнөгө таанымал оркестр дрижеру Алан Гилберттин котошуу концерти үчүн Нью-Йоркко барууга даярданганын маалымдалган. Эрчаг 8-9-июнь күндөрүнүн аралыгында «Колдошуу концертинде» Нью-Йорк филармония оркестри менен бирге чертет. Концерттердин атайын конокторунун арасында виоленчелист Йо-Йо Ма жана тромпет чебери Уинтон Марсалис да орун алат.

«Сабах» гезити ««Почта кутусу» Шанхайда ачылат» деген маалыматында жаңы сезондо киносүйүүчүлөрдүн назарына сунуштала турган «Почта кутусу» киносунун бет ачары Эл аралык Шанхай кинофестивалында болоорун баяндаган.  Кытайдын Шанхай шаарында алгачкы көрсөтүүсүн кыла турган кино тасманын продюсери Недим Зепер жана Махмут Кечижи, режиссеру Барыш Кырымшелиоглу. Көрүүчүлөрдү өз абийири менен беттештирүүгө даярданган тасма, жалгыз кыялдануусу аскерге баруу болгон Адемдин балалык чагындагы жолдошу Нихат менен бирге башынан өткөргөндөрү түшүндүрөт.



Тектеш кабарлар