Түрк басма сөзү 29.05.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

741133
Түрк басма сөзү 29.05.2017

«Сабах» гезити «Жаңы секирик мезгилине даярдык көрүп жатабыз» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдогандын «Стамбул протоколунун ифтары жана Стамбулдун каратылышынын 564 жылдыгына» карата уюштурулган иш-чарадагы сөз сүйлөөсүндө: «Дүйнө жүзү кайрадан түзүлүүгө муктаж болуп турат. Биз муну билгенибиз үчүн демократия жана экономикада жаңы секирик мезгилине даярданып жатабыз»,-дегенин жазган. Бул үчүн алгач 2019-жылга чейинки мезгилди эң натыйжалуу түрдө колдоно тургандарын баса белгилеген президент, 2023-жылдын да Түркияны азыркы цивилизация деңгээлинин үстүнө чыгара турган негизги баскыч болоорун, бул максатка жетүү үчүн Стамбулдун локомотив кызматын уланта турганын айтты.

«Йени шафак» гезити «Като иликтөөсү» деген маалыматында ички иштер министри Сулейман Сойлунун Шырнактын Бейтүшебап районундагы Като тоосунда жикчил террордук уюм ПККга карай 40 күндөн бери операциялар уланып жаткан аймакта иликтөөлөрдү жүргүзгөнүн билдирген. Террористтер колдонгон 53 үңкүрдө көп сандаган курал-жарак жана ок дарыларды тапкан аскерлерди куттуктаган Сойлу, операцияга байланыштуу командирлерден маалымат алды. Сойлу андан соң телефон аркылуу президент Режеп Тайип Эрдоганга операция туурасында маалымат берди.

«Хабер түрк» гезити «Түрк академиктин китеби Австралияда окуу китеби болду» деген маалыматында Стамбулдагы Йедитепе университетинин Гастрономия жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн башчысы Сибел Өзилдин «Cooking as a Chemical Reaction» (Химиялык реакцияда бышыруу» аттуу китеби Австралияда окуу китеби катары окулуп жатканын билдирген. Окуу китеби АКШдагы айрым лицейлерде болсо булак китеби катары кабыл алынды.

«Хүррийет» гезити «Пальманы ала алган жок» деген маалыматында Канн кинофестивалында түрк тектүү немис режиссер Фатих Акындын «Солгун» (Кубарган) аттуу кинотасмасы Алтын пальманы ала алган жок бирок башкы каарман Диана Крюгер «Эң мыкты актриса» болгонун билдирген. "Алтын Пальма" 19 талапкердин арасынан швециялык режиссер Рубен Остлунддун «The Square» атту киносуна берилди.

«Стар» гезити «Үч жылдыздуу чемпион» деген маалыматында Бешикташ командасы Газиантепти 4-0 эсебинде жеңип алып Супер Лиганын 2016-2017 сезонунун аякташына бир жума калганда чемпиондугун жарыялаганын билдирген. Бешикташ Түркиянын футбол федерациясынан 91 миллион лира, Европанын футбол федерациялары биримдигинен болсо 25 миллион евролук сыйлык алат.  



Тектеш кабарлар