Түрк басма сөзү 26.05.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыска маалыматтар.

740063
Түрк басма сөзү 26.05.2017

«Йени шафак» гезити «Европа Биримдигине үч кабар» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушууларында Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан – Клод Юнкер менен сүйлөшкөндүгүн билдирген. Эрдоган Европа Биримдигиндеги сүйлөшүүлөрүндө Түркия  - Европа Биримдиги карым – катнаштарынын кайрадан жандандырылышынын маанисине көңүлдөрдү бурду. Террор менен күрөшүүдө Анкаранын жалгыз калтырылгандыгын белгилеп, террорго каршы кызматташтыктын күчтөндүрүлүшүн каалады. Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда 2016 -  жылы март айында кол коюлган качкындар келишиминин да турмушка ашырылышы керектигин айткан Эрдоган Европа Биримдигине качкындар келишиминен келип чыккан милдеттерин да эске салды.

«Ватан» гезити «Түркияга ыраазыбыз» деген маалыматында АКШнын БУУнун туруктуу мүчөсү, элчи Никки Хейли 8 миң 63 сириялык жашап жаткан Хатайдын Алтынөзү районундагы Бойнуйогун убактылуу жашоо борборуна барды. Борбордогу саламаттык сактоо борборунда изилдөө жүргүзгөн Хейли  бала бакчага барып сириялык окуучуларга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алды. Баш калкалоо борборунун турмуштук шарттарынын жана берилген мүмкүнчүлүктөрдүн абдан жакшы экендигин белгилеген Хейли : «Түркиянын сириялык конокторго жасагандары үчүн ыраазыбыз. Түрк калкына рахмат айтамын»,- деди.

«Стар» гезити «Жергиликтүү автомобилде биринчи кадам ташталды» деген маалыматында президент Эрдогандын Түркия палаталар жана биржалар биримдиги ТОББдун 73   - жалпы кеңешинде  жасаган жергиликтүү автомобиль чакыруусуна оң жооп берген ТОББ ишин баштагандыгын билдирген. ТОББдун төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу жол картасын белгилөө үчүн билим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү менен жолугушту. Фарук Өзлү максаттарынын  2019 – жылы биринчи моделин чыгаруу экендигин айтты.

«Сабах» гезити «Түркия инвестиция үчүн тартуучу күчүн сактоодо» деген кабарында Түркия  -  Америка иш кеңеши АКШнын борбор шаары Вашингтондо ишке ашты. Катышуучулардын орток көз карашы, реформалар жана жаш калкы менен Түркиянын инвестиция үчүн ылайыктуу мүмкүнчүлүк сунду. Глобалдык фирмалар үчүн да Түркия ылайыктуу борбор. Түркиянын күчү болгон жаш калктын көптөгөн жылдар бул өзгөчөлүгүн сактай тургандыгы белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Мэрайя Кэриден Хакан тууралуу маалымат» деген кабарында Англиядагы террордук кол салууда каза болгондугу билдирилген 29 жаштагы коом менен байланышуу боюнча эксперти Мартин Хакан Хеттинин энесинин түрк экендиги ортого чыккандыгын билдирген. Социалдык медианы активдүү колдонгон Хакандын фейсбук баракчасында туулган жеринин Анкара экендиги, Манчестерде жашагандыгы тууралуу малымат орун алган. АКШлык ырчы Мэрайя Кэри болсо инстаграмдан Хакандын өзүнүн фотографиясы басылган  футболка кийген сүтөрүн бөлүшүп : «Манчестер курмандыктарынын бирөөсүнүн күйөрманым экендигин билгенде капа болдум»,- деди.



Тектеш кабарлар