Түрк басма сөзү-25.05.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалымааттар.

739401
Түрк басма сөзү-25.05.2017

«Стар» гезити «Президент Эрдоган, жергиликтүү автомобиль үчүн ТОВВдан убадасын алды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия соода өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигинин жалпы кеңешиндеги сөзүндө, ТОВВнын мүчөлөрүнө «жергиликтүү автомобиль» каалаганын дагы бир жолу кайталаганын жазган. Президент:«Келгиле, ушул 100 пайыз жергиликтүү өндүрүшү болгон автомобилибизди TOBB жамаатынын ичинен тандайлы.  TOBB 100 пайыз жергиликтүү автомобилибизди «Made in Turkey» түрүндө чыгарсын. Биз бул темада сизди колдойбуз»,-деди. Президент Эрдогандын бул сөзүнөн кийин сөз алган Түркия соода өнөр жай палаталары жана биржалалары биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, бул багытта иш алып бара тургандарынын убадасын берди.

«Йени шафак» гезити «Сирияга жаңы капка» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия армиясы тарабынан жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» кыймылы аркылуу террор уюму ДЕАШтан тазаланган Түркия-Сирия чек арасындагы Халебге караштуу Чобанбей районунда жаңы чек ара капкасы курулуп жатканын маалымдаган. Жаңы ачыла турган чек ара капкасынын аймактын эң таасирдүү колдонулда турган капкасы болушу пландалууда.

«Сабах» гезити «Чет элдикке турак үй сатуу өсө баштады» деген маалыматында Түркия экономикасынын локомотивин түзгөн турак жай тармагында маркалуу курулушчулардын акциялары, төмөнкү пайыз катнашы жана салык шыктандырууларынын таасири менен сатуулар өсө баштаганын маалымдаган. Түркия статистика мекемесинин кечээ жарыялаган көрсөткүчтөрүнө караганда апрель айында турак үй сатылуусу, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,6 пайызга өсүп 114 миң 446га жеткени белгиленди. Чет элдиктерге сатылган турак үйлөр апрель айында 2,7 пайызга өсүп 1624кө жетти.

«Ватан» гезити «Туруктуулук сыйлыгы Эрдемирге берилди» деген маалыматында Түркиянын темир-болот күчү Эрдемир, Европа архитектура жана өнүгүү банкы тарабынан быйыл жетинчиси өткөрүлгөн "Туруктуулук сыйлыгына» туруктуу энергия категориясында чоң сыйлыкка ылайык көрүлгөнүн белгилеген. Армиянын жардамдашуу мекемеси (OYAK) кен жана металлургия тобунун фирмаларынан Исдемирдин басым энергиясынан пайдаланып электр энергиясы өндүрүлүшүн камсыздай турган ТРТнын долбоору туруктуулук сыйлыктарынын арасында чоң сыйлыктын ээси болду.

«Хабер түрк» гезити «Баса алчу эмес учту» деген маалыматында Англиядан эс алуу үчүн Фетхиеге келген жарык дүйнөгө келгенде эле майып төрөлүп баса албаган 19 жаштагы Роуз Спенсер Бабадагдан парапланчы Мустафа Кемал Өзтүрктүн коштоосунда тандем секиригине чыкканын жазган. Туулган күнүнөн тартып бутуна туруп баса албаган Спенсер, учуунун ырахатын алды.



Тектеш кабарлар