Түрк басма сөзү 23.05.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

737813
Түрк басма сөзү 23.05.2017

«Сабах» гезити «Паспортторду жоелу» аттуу маалыматында Стамбулда өткөн Карадеңиз Экономикалык кызматташтык уюмунун (КЭКУ) түзүлгөнүнүн 25 жылдыгы саммитинде сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдоган, сооданын жана инвестициялардын бекем платформада жүргүзүлө алышынын негизги шартынын тынчтык жана ырааттуулук болгонун белгилеп, мүчө өлкөлөргө «Биз жашап жаткан сезимтал Карадеңиз аймагынын тынчтык, ырааттуулук жана бейкуттук менен өнүгүүсү бардыгыбыздын орток максаты болуш керек» деген маалыматты бергенин баяндаган. Түркиянын Грузия жана Украина менен паспортсуз саякаттын жолун ачканын эске салган Эрдоган: «Биз бул жеңилдикти бардык мүчө өлкөлөргө жаюу жана адамдарыбызды бири-бирине болушунча жакындатууну каалайбыз»,деген чакырык таштады.

«Хүррийет» гезити «АКШга «жан сакчы» нотасы» деген маалыматында президент Режеп Таййип эрдогандын өткөн аптадагы АКШ сапары убагында Түркиянын Вашингтондогу элчилик резиденциясынын алдында болгон уруштан кийин болгондордун себебинен Тышкы иштер министрлиги кечээ АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Бассты чакыртып каршылык көрсөтүү нотасын бергенин жазган. Тышкы иштер министрлиги АКШ полициясынын «дипломатиялык эреже, мыйзамдар жана профессионалдуулукка жатпаган орой мамилелерине оозеки жана жазуу түрүндө каршылык көрсөтүлгөнүн» жарыялады. Тышкы иштер министрлигинин жарыясы менен ошол күнү башка бир окуя да болгону белгилүү болду. Резиденциянын алдындагы уруш убагында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун эки жакын жан сакчысынын АКШнын полициясы тарабынан камоого алынганы жана бир аз убакыттан кийин эркин кое берилгени түшүнүктүү болду.

«Хабер түрк» гезити «Дүйнөдө алгачкы жаңылык; эненин кемирчегинен кулак жасалды» аттуу макаласында Газиантепте төрөлгөндөн тартып эле кулаксыз болгон жана 1,5 жылдай мурда энесинен алынган кемирчек клеткаларынан жаңы кулак жасалып тагылган 22 жаштагы Үмүт Гүлдүн дарылануусунда ийгиликке жетишилгени маалымдалды. Газиантеп университетинин медицина факультетинин хирургиялык илимдер бөлүмүнүн башчысы, проф.Мехмет Мутаф: «Дүйнөдө алгач ирет бир жандуудан алынган кемирчектер менен ийгиликтүү операция жасалды»,-деди.

«Ватан» гезити «Капа болбо Павлопулос» деген маалыматында Стамбулда болгон Карадеңиз Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине президент Эрдогандын грек жана серб кесиптештери менен болгон Фенербахче диалогдору ташка тамга баскандай маалым болгонун жазган. Президент Эрдоган Сербиянын тышкы иштер министри Ивижа Дажижтин сөзүнөн кийин сөз алып Түрк аба жолдру демөөрчүсү болгон Европа лигасынын финалында Фенербахченин чемпион болгонун эске салды. Фенербахченин машыктыруучусу жана эки маанилүү оюнчусунун серб экенин белгилеген Эрдоганга, Дажиж: «Бул биздин биргелешкен жеңишибиз»,- деп жооп берди. Эрдоган андан кийин грек кесиптеши Прокопис Павлопулоско бурулуп, «Урматтуу досум, ал да капа болбосун. Анткени Костас Слоукас грециялык, ал да Фенербахчеде ойнойт. Жакшы колдошуу менен Фенербахче ушундайча Европа чемпиону болду»,-деди.

«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «5 миң жылдык өнүккөн шаарча табылды» аттуу маалыматта Измирдин Борнова районунун Йешилова курганына караштуу жүргүзүлгөн Йассытепе казууларында 5 миң жыл мурдагыга таянган Троя цивилизациясына таандык издер табылганы орун алды. Отурукташуу борборундагы 75-80 чарчы метрдик аянтка ээ болгон жана ал убактын кымбат баалуу үйлөрүнүн эки бөлмөлүү жана шаарча түрүндө салынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар