Түрк басма сөзү 9.05.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

728992
Түрк басма сөзү 9.05.2017

«Йени шафак» гезити «Иерусалимде азан токтобойт» аттуу маалыматында Стамбулдагы Эл аралык Иерусалим фонддорунун жыйналышында сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин азанга тыюу салууга даярданганын белгилеп, «Күн тартипке келиши да уят болуп саналат. Иерусалимдин көк асманында азандын үнүн токтотууга буюрса уруксат бербейбиз. Ишеничиңизге ишенсеңиз ишенич эркиндигинен эмнеге коркуп жатасыз? Биздин азан үндөрүнөн эмнеге коркуп жатасыз?»,дегенин жазды. Эрдоган сөзүндө бул маалыматтарды берди: «Үммөттүн (мусулмандардын) алгачкы кыбыласы пайгамбар шаары Иерусалимдин бүткүл мусулмандардын хареми изетти б.а. эң ыйыгы жана намысы болуп саналат. Иерусалимге, Иерусалим доосуна, палестиналык туугандарыбыздын укук жана адилеттик күрөшүнө чоң маани беребиз. Иерусалимдин кайрадан тынчтык, ынтымак жана коопсуздук шаары болушу үчүн аракет кылабыз».

«Сабах» гезити «Грециянын президенти Эрдогандын чакырыгын кабыл алды» аттуу маалыматында Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун президент Эрдогандын Карадеңиз өлкөлөрүнүн кызматташтык саммитинин 25 жылдыгы боюнча жиберген чакыруусун кабыл алганы белгилүү болгонун жазган. 2017-жылдын 22-майында боло турган саммитке катышкан учурунда Павлопулос, Түркияга келген алгачкы Греция президенти сыпатына ээ болот.

«Хүррийет» гезити «Жергиликтүү учакта чоң өнөктөштүк» аттуу маалыматында 60 жылдан бери Түркияда ишин жүргүзгөн Кале тобунун дүйнөнүн эң чоң учак мотор өндүрүүчүлөрүнөн Rolls-Royce менен учак моторун жасап чыгаруу үчүн келишим түзгөнүн жазган. Биргелешкен фирма куруш үчүн даярдыктарда акыркы баскычка жетилсе, курула турган фирманын 51 пайызы Кале тобу, 49 пайызы Rolls-Royce фирмасына таандык болот. Эки топ Түркиянын улуттук согуштук учагы TF-X  баш болгон жарандык жана аскердик тармакта муктаждык болгон учак моторлорун чыгарууну максаттоодо. Жергиликтүү мотор менен алгачкы учуу 2023-жылы аткарылышы пландалууда.

«Хабер түрк» гезити «Рияддагы долбоорго сыйлык берилди» деген мааыматында TAV-Al Arrab Contracting өнөктөштүгү тарабынан Риядда салынган Кинг Халед аэропортунун терминалынын 5 долбоору, «MEED» журналы тарабынан Дубайда өткөрүлгөн «MEED Quality Awards for Projects» жарышында жылдын эң мыкты тарнспорт долбоору сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн маалымдаган. TAV CEOсу Сани Шенер мындан мурда (Катардын борбор шаары Дохада орун алган эл аралык аэропорт) Хамад аэропорту долбоорлорунун да ушундай эле сыйлыкты алганын белгилеп Булуң аймагында 6 өлкөнүн борбор шаарынын аэропортунда TAVдын долбоорлору орун алганын айтты.

«Ватан» гезити «Европа түрк пакеттөөсүн танады» деген маалыматында пакеттөө боюнча экспортчу Европа базарында  сапат жана жакындык мүмкүнчүлүгү менен кытайлык фирмаларды артка калтырганын маалымдаган. Бул тармак экспортунун 60 пайызын Европа өлкөлөрүнө жасоодо. Пакеттөө тармагы өткөн жылы экспортун 13 пайызга арттырып 3,8 миллиард долларга жеткирилди. Быйыл да өсүү уланууда.



Тектеш кабарлар