Түрк басма сөзү 5.05.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

726463
Түрк басма сөзү 5.05.2017

«Хабер түрк» гезити «Түркияда инвестиция салган чет элдикке жарандык берилет» деген макаласында чет элдиктерге түрк жарандыгын алуу боюнча жеңилдиктерге дагы бир жаңылык киргизилгендигин жазган.

Түркияда эң аз 1 жарым миллон долларлык инвестиция салган чет элдиктер түрк жарандыгын алуу укугуна ээ болот. Ушуга караганда 1 жарым миллион долларлык кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу фондуна кошулуу үлүшү же демилге капиталынын инвестиция фондуна кошулуу үлүшүн алган же  3 жылдык мөөнөт менен колунда кармагандыгы такталган чет элдиктерге министрлер кеңешинин чечими менен түрк жарандыгы берилет.

«Хүррийет» гезити «Түрк агымы проектисинин курулушу башталууда» деген маалыматында орус энергетика фирмасы Газпром орус газын Түркия аркылуу Европага алып өтө турган Түрк агымы проектисинде түтүк жолунун курулушу тууралуу иштерин аяктагандыгын белгилеген. Проектинин курулушу бир канча күндүн ичинде башталат. Түрк агымынын 31, 5 миллиард метр куб жаратылыш газ өткөрө ала турган 900 километрдик жол үчүн 7 миллиард евро жумшалат. Түрк агымынын деңиз астынан өктөн бөлүгүнүн баары Газпром тарабынан ишке ашырылат. Проектинин Түркия жерлеринен өтө турган бөлүгүнүн болсо ортоктошо салынышы пландалды. Проекти 2020-    жылы ишке кирет.

«Йени шафак» гезити «ПККнын тоодогу бөлүгү жок болуп баратат» деген маалыматында Түштүк Чыгыш Анадолуда улантылып жаткан террор менен күрөшүү операцияларында жикчил ПКК террордук уюмуна сокку урулгандыгын билдирген. Бир гана Тунжелиде экендиги ойлонулган 200 террористтин 130зу өлтүрүлдү. ПККга кошулуу болбогондой эле уюмдан качуу да улантылууда. Жергиликтүү калк эми террористтерди колдобостон террористтер тууралуу маалыматтарды берип жатышат. Банги заттардан келген кирешеси токтогон уюм финансылык жактан абдан чоң сокку жеди. Өлкө ичинде алган чоң чыгымдар менен күчтөн тайган террористтер Сирия жана Иракта араб жана түркмөндөрдү жок кылууга аракет кылган жана террор коридорун куруу кыялы менен жашаган ПККнын акыркы пландарын да бузду.

АКШ менен европалык аскерлер болсо Сирия жерлеринде курал менен машыктырган террористтерге күч берүүгө аракет кылууда.

«Сабах» гезити «Европа парламентинин Түркия баяндамачысы Кэти  Пиринин жалганы ортого чыкты» деген маалыматында Европа Парламентинин Түркия баяндамачысы Кэти Пиринин ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү террористтерди жаран сыяктуу көрсөтүү аракетинен жыйынтык чыкпагандыгын билдирди. Түрк чалгындоосу Пири жаран деген террористтерди тазага чыгаруу пландарын далилдер менен жокко чыгарды. Чалгындоо отчетторуна караганда Кэти Пири жаран деген террористтер Түркияда ПККнын, Сирия жана Иракта болсо ПЙД, ЙПГнин атын алып жүрүшөт. Европа Парламентинин Түркия баяндамачысы жаран деп атаган, көп сандаган кандуу кыймылдарды аткарган бул террористтердин ПККнын  башчысынан мактоолорду алгандыгы ортого чыкты.

«Стар» гезити «Сирияда жаңы үмүт: Евфрат калканы модель болду» деген маалыматында Түркиянын оппозициячылдардын колдоосу менен Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн террордон тазалоо операциясы болгон Евфрат калканы кыймылы өлкөдө алты жылдан бери болуп келе жаткан жарандык согуштун бүткөрүлүшү жана саясий өткөөлдүн түзүлүшү үчүн дүйнөгө модель болду деп билдирди. Түрк куралдуу күчтөрүнүн террорду жок кылган аянттарда түзгөн коопсуз аймактардан жолго чыккан Орусия Астана сүйлөшүүлөрү улантылып жатканда Түркияга Сирияда төрт аймакты камтыган сунушун билдирди. Орус лидер Путин менен президент Эрдогандын карта боюнча келишимине кечээ Астанада да кепил өлкөлөрдүн арасында кол коюлду. Ушундайча Түркиянын аккан канды токтотуу үчүн алты жылдан бери иштеп жаткан коопсуз аймак планы ишке киргизилген болду.

 



Тектеш кабарлар