Түрк басма сөзү-27.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

721859
Түрк басма сөзү-27.04.2017

«Сабах» гезити «Батыш трагедияларга карата 3 маймыл оюнун ойноп жатат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сомалинин президенти Аблуллах Мухаммед Фармажо мене жолугушуусунан кийин биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында  батыштык өнүккөн өлкөлөрдүн ачкачылыктан кырылган Африкага кайдыгер караганын сындаганын жазган. Эрдоган: «Африканын жалпысында көпчүлүгү аялдар жана балдардан турган 14 миллион киши ачарчылыктын азабын тартууда. Бир топ батыштык өнүккөн өлкөлөрдүн ушундай адамзат трагедиясына карата үч маймыл оюнун ойногондорун көрүүдөбүз. Балдар ачарчылыктан өлгөн дүйнөдө ынтымак дагы, тынчтык дагы жана ыраттуулук дагы болбойт»,-деди.

«Стар» гезити «Операция эмес чындыгында бул көрүнүш териштирилиши керек» деген маалымтатында Түркиянын Ф-16 учактарынын Синжар жана Карачокто жикчил террор уюму ПКК/ПЙД буталарына карай жүргүзгөн операцияда 70 террористтин жок кылыншынан кийин АКШнын санааркап жатабыз деген жарыясына, Европа Биримдиги боюнча министри Өмер Челик каршылык көрсөткөнүн маалымдаган. Челик, НАТО өлкөсү катары Түркиянын өзүнө коркунуч туудурган террор лагерин атканын белгилеп: «Ал террор лагерине башка бир НАТО өлкөсүнүн, АКШнын бир командири жана ошол террор уюмунун мүчөсү менен бирге барды. Мунун артынан келген «санааркап жатабыз» деген жарыя туура мамилени көрсөтпөгөнүн айгинелеп турат. Чындыгында санааркалышы керек болгон, териштирилиши керек болгон ушул»,-деди.

«Йени шайак» гезити «Отчетту Кандил даярдаптыр» деген маалыматында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 16-апрелдеги элдик добуш берүү отчетунан кийин Түркиянын текшерилишин талап кылган Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын отчетунун аркасынан да ПКК жана ФЕТӨ чыкканын маалымдаган. Чатактуу отчетту даярдаган Түркия репортерлору Ингебжорж Годскесен менен Марианне Микко, ПКК жана ФЕТО лоббичилигин кылууда. Годскесен, 1997-жылдан бери ПККнын Норвегиядагы бардык иш-чараларына колдоо көрсөтүп террористтердин саясий башпаанек укугун алышы үчүн иштеген. 20 жылдын ичинде ПККнын өлкөдөгү 11 чоң жыйналышында орун алды. Микко болсо, Социалист партиянын мүчөсү болуу менен бирге ФЕТӨнүн Эстониядагы түзүлүшү менен жакын байланышта. 15-июлдагы ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин уюмдун уюштурган бир жыйналышына жана эки семинарына катышты.

«Ватан» гезити «3 европалыктан бирөөнө түрк балыгын жедиребиз» аттуу маалыматында дүйнөнүн өз тармагында эң чоң жарманке катары кабыл алынган Sea Fооd Брюссель глобалдык суу товарларынын жарманкеси, түрк фирмаларынын өзүн жакшы таанытуусуна сахна болгонун жазган. Стамбулдун балык жана жаныбарлардын этинен жасалган азыктарды экспорттоочу биримдиктин башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмет Тунжай, эң чоң атаандашы Грециянын акыркы жылдарда базарда күчүн жоготушунан кийин, жарманкеде Түркияга кызыгуунун артканын айтты. Тунжай фирмалардын жарманкелелрдин алкагыкы күнүнөн артып эле маанилүү буйуртмаларды алганын маалымдады. Тунжай, быйыл алгачкы үч айда 200 миллион доллардык экспорт санына жеткендерин белгилеп: «Европа талап кылган 3 балыктан бирөөнү биз сатуудабыз»,-деди.

«Хабер түрк «гезити «Дикили-Мидилли сапары 5 жылдан кийин кайрадан башталды» деген Измирдин Дикили районунун муниципалитет башчысы Мустафа Тосундун аракеттери менен аткарылган долбоордун алкагында Дикили-Мидилли портторунун арасында деңиз каттамдары башталганын баяндаган. Көп жылдар өткөн соң Дикилге паром менен келген грек туристтер, табият жана тарыхый кооздуктарды кыдырып көрүштү, шейшемби базарына учурап, кийим жана үй буюмдарын алды. 30 мүнөткө созулган Дикли-Мидилли сапарлары, ар аптада шейшемби күнү болот жана каалгада виза берилет.



Тектеш кабарлар