Түрк басма сөзү-18.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

715268
Түрк басма сөзү-18.04.2017

«Хабер» түрк гезити «2019-жылдын ноябрь айына белги салюту атылды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарынын 2019-жылдагы шайлоолор үчүн белги салюту болгонун айтканын жазган. Алдыларында таштай турган абдан маанилүү кадамдар бар экенин баса белгилеген Эрдоган: «Бул өлкөнүн материалдык жагдайдагы инфраструктурасы, курулуштарына карай жасай турган иштерибиз бар. Адамдарыбызга карай өзгөчө билим-берүү менен ахлактык жана руханият темасында таштай турган кадамдар иштин башында турат»,-деди. Эрдоган жеңиштерине мас болбой тургандарын айтты.

«Сабах» гезити «Террорго жол берилбейт» деген маалыматында президент Режер Таййип Эрдогандын батыш дүйнөсүн террого колдоо көрсөтүүдөн баш тартууга чакырганын жазган. Батыштык айрым өлкөлөрдүн Сирияда террордук уюмдарга көрсөткөн колдоолору менен Түркияга каршы кастыктарын ачык жарыялагандарынан баш тартууларын баса белгилеген Эрдоган: «Түркия, чек аралырынын жанында террор пайда болушуна эч качан уруксат бербейт. Аймакта батыштык өлкөлөрдүн акчага жалдаган аскер сыяктуу колдонушкан террористтер менен Түркияны чөгөлөтө ала тургандарын ойлогондор жаңылышкандарын абдан жакынкы убакта көрүшөт»,-деди. Эрдоган «Евфрат калканы» кыймылынын Түркиянын акыркы эмес, алгачкы операциясы болгонун белгилеп кетти.

«Йени шафак» гезити «Бүткүл дүйнө жыйынтыктарды урматташы керек» деген маалыматында 16-апрелдеги референдумдун жыйынтыктары тууралуу Түркияга коңшу өлкөлөрдөн колдоо келгенин маалымдаган. Орусиядан келген жазуу түрүндөгү жарыяда Кремлдин басма сөз катчысы Дмиртий Песков, Түрк калкынын элдик добуш берүүдө чыгарган чечимин ар ким урматташы керектигин айтты. Греция өкмөтү дагы түрк калкынын чечимин урматтагандарын билдирди. Анда, «Биз коңшу өлкөдө ырааттуулук жана демократия болушун каалайбыз» деген сөздөргө орун берилди. Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Бехрам Касыми: «Түркия калкынын көпчүлүгү кабыл алган бардык нерсени урматтайбыз»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Чет өлкөлүк инвесторлор иш-аракетке өтүштү» деген маалыматында элдик добуш берүүдө «макул» добушунун чыгышы кыймылсыз мүлк тармагын да иш-аракетке өткөрүшү күтүлүп жатканын жазган. Бул тармактын өкүлдөрү өзгөчө чет элдиктердин алдыбыздагы мезгилде Түркияга турак үй инвестияларын сала тургандарын белгилешкен. Тармактардын өкүлдөрү: «Эми кыймылсыз мүлк алуунун так эле убагы, баалар ылайыктуу, пайыздар төмөн, валюта курсу тең-салмактуу»дешип базардын абдан тартуучу болгонун белгилешүүдө. Бир тараптан 19-21-апрель күндөрүнүн аралыгында боло турган Expo Turkey By Qatar жарманкеси да Түркиядан үй алгысы келген Булуң капиталы үчүн олуттуу потенциалды жаратат.

«Ватан» гезити «Базарлар жанданды» аттуу маалыматында Түркия элдик добуш берүү процессин аяктаганын жазган. Доллар «макул» добушу чыкканда төнөндөдү. Пайыздар төмөн карай     багыт алды. Түрк лирасынан капиталдарда оң көрүнүш пайда болду. 91 миң чегине чейин жеткен Стамбул биржасы көңүлдөрдү буруусун улантууда. Адистер экономиканын оң белгилер беришин уланта турганын жана чет элдик инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын айтышууда. Президенттик өкмөт системасы менен иш дүйнөсүндө саясий ырааттуулукка карай эч бир санааркоонун калбашы Түркиядагы жеке менчик сектордун инвестияларын арттырат.



Тектеш кабарлар