Түрк басма сөзү 17.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

714364
Түрк басма сөзү 17.04.2017

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандын жеңиши» деген маалыматында түрк элинин 51,4 пайызы Президенттик системаны колдогонун билдирген. Ушундайча президент Эрдоган 2014-жылы өткөрүлгөн Президенттик шайлоодогу добушун сактап ишенимин жаңылады. Эрдоган жыйыктыктарга баа берип жатып: «Расмий эмес жыйынтыктар 25 миллион «макул» добушу менен конституциялык өзгөртүүнүн кабыл алынганын көрсөтүүдө. Өлкөбүз жана улутубуз үчүн пайдалуу болушун каалаймын. Башкаруу системасы темасында тарыхый чечим болуп саналат»,-деди.

«Стар» гезити «Уттурган жок, жеңген Түркия» деген макаласында премьер-министр Бинали Йылдырымдын расмий эмес жыйынтыктардан кийин «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын башкы борборунун балконунан элге ыраазчылык билдиргенин жазган. Премьер-министр элдин демократияны колдогонун баса белгилеп: «Уттурган жок, жеңген Түркия. Демократиялык тарыхыбызда жаңы барак ачылды. Эми бирге Түркия болуунун убагы»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Өлкөдө референдум кубанычы» деген маалыматында элдик добуш берүүдө «макул» добушу чыккандан кийин атуулдар аны куттукташ үчүн көчөлөргө чубашкандарын билдирген. Стамбулда Тарабия сарайы, Кысыклы жана АК Партиянын Стамбулдагы облустук башкармалыгынын алдында жана Таксим аянтында, ал эми Анкарада АК Партиянын башкы борборунун алды жана Кызылайда, Измирде болсо Кордон көчөсүндө кубанычтуу майрамдоолор түн жарымына чейин уланды. Өлкөнүн бардык жеринде аянттарды толтурган эл колдорунда түрк желектери жана «Макул» деп жазылган желекчелер менен президент Эрдоганды жана премьер-министр Йылдырымды колдоп кыйкырып турушту.

«Йени шафак» гезити «Чет өлкөдөгү түрк жарандары Европага сабак берди» деген маалыматында чет өлкөдөгү 1 миллион 326 миң түрк шайлоочунун 59 пайызы «макул» добушун бергенин билдирген. Ушундайча ПКК менен ФЕТӨчүлөрдү колдоп «каршы» үгүтүн жүргүзгөн Европа өлкөлөрүнүн көңүлү чөктү. Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Саян Каяны киргизбей койгон Нидерландияда түрк жарандарынын 71 пайызы «макул» добушун беришти. Германияда да түрк жарандарынын 63 пайызы референдумду колдоп, улутчулдарга өз жообун беришти.

«Хүррийет» гезити «Жогорку катышуу» деген маалыматында элдик добуш берүүдө Түркиянын жалпысында 167 миң 140 үкөктө добуш берилгенин жазган. Жогорку шалоо кеңешинин билдирүүсүнө караганда жалпы 58 миллион 366 миң 647 шайлоочу бар. Кечээки референдумда 49 миллион 411 миң 370 добуш берилди. Шайлоого катышуу көрсөткүчү 85,60 пайыз болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар