Түрк басма сөзү-13.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

712151
Түрк басма сөзү-13.04.2017

«Йени шафак» гезити «Батыш, Түркия туурасындагы терс айтымдарын өзгөртө баштады» аттуу маалыматында 16-апрелде боло турган констиитуциялык өзгөртүү үчүн элдик добуш берүүгө 4 күн калганда батыштын көптөн бери көөшөрүп уланткан Түркияга каршы пропагандаларын өзгөрткөнүн маалымдаган. Түрк өкмөтү жана президент Режеп Таййип Эрдоганга каршы болгон кол салгыч мамилесин эми өзгөртүшү керектигин белгилеген Англияда чыккан «The Times» гезитинин жазуучусу Рожер Бойс,Жакынкы Чыгыштагы тең салмактуулуктарды Эрдогандын камсыздай турганын айтты. Бойс, Батыштын Эрдоган менен карым-катнаштарын жакшыртышы жана жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДны колдоодон баш тартышы боюнча чакырыгын салды.

«Сабах» гезити «Трамп Эрдогандын айтканына көндү» аттуу маалыматында Түркиянын көптөн бери айтып келген Сирияда жарандардын корголушу үчүн учууга тыюу салынган аймак түзүлүшү боюнча планына эң акырында АКШдан да жашыл жарык жагылганын жазган. Асаддын 4-апрелде химиялык кол салуу менен 100дөй жаранды өлтүргөнү боюнча режимге таандык Шайрат базасын атып жооп кайтарган АКШ, коопсуз аймак темасына жылуу карай баштады. Түркия көптөн бери Сирияда жарандар үчүн коопсуз аймак түзүлүүсү темасында көөшөрүп келе жатат. АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис, учууга тыюу салынган аймак сыяктуу аскердик альтернативаларга да баа бериле баштаганын айтты.

«Стар» гезити «Автомобиль жасап чыгаруу акыркы 10 жылдын рекордуна жетишти» деген маалыматында автомобиль чыгаруу 2017-жылдын январь-март мезгилинде 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 44 пайыз өсүп, 300 миңге жеткенин маалымдаган. Автомобиль чыгаруу ушундайча 2007-2017-жылдар аралыгынын рекордуна жетти. Январь-март мезгилинде жалпы унаа жасап чыгаруу 424 миң, автомобиль чыгаруу болсо 300 миң деңгээлине жетти. Январь-март мезгилинде мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жалпы автомобиль экспорту доллар жагынан алганда 25 пайыз, евро жагынан алганда 30 пайыз өсүү көрсөттү. Жалпы жасап чыгаруу болсо январь-март мезгилинин тарыхый өнүгүсүүнүн ичинде түрк автомобиль өнөр жайынын эң жогорку деңгээлине жетти.

«Ватан» гезити «Орус туристтердин көздөгөнү Түркия» деген маалыматында Түркия, Орусияда туристтердин бир номердүү эс алуу альтернативасы болуусун улантканын жазган. Орусиянын тур операторлору биримдиги (ATOR) тарабынан жарыяланган жазууда, Орусиядан эс алуу резервацияларынын 50 пайзынын Түркияга жасалганын белгилеген. Адистер быйыл Түркияны 5 миллион орус туристтин келишин күткөндөрүн айтышты. Орус туристтердин 85 пайызы Түркияга деңиз, кум жана күн туризми үчүн келишет. Орус туристтердин дүйнөдө эс алуу үчүн тандаган өлкөлөрүнүн башында Түркия турат.

«Хабер түрк» гезити «Шенол Гүнеш; биздин күтүүбүз бизге гол киргизбөө, атаандаштарга гол киргизүү» аттуу маалыматанда УЕФА Европа лигасынын чейрек финал беттешүүсүндө Франциянын Олимпик Лион командасы менен атаандаш талаасында беттеше турган Бешикташтын машыктыруучу директору Шенол Гүнеш мелдеш боло турган стадиондо басма сөзгө маалымат бергенине орун берген. Гүнеш: «Ар кимдин көңүлү көтөрүлө турган жана укуктуу болгон жеңе турган оюн болушун кааалйм»,-деди. Гүнеш кечээ кечинде Дортмундда болгон кол салууга да токтолуп, «Дүйнөдө террор болбосун, адамдар бактылуу жашасын. Дүйнөдө кризис болуп жатат. Футболго да таасирлери чоң. Кечэки Германиядагы бомба окуясы сыяктуу. Эң маанилүүсү дүйнөдөгү зомбулукту жок кылуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар