Түрк басма сөзү 10.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

709282
Түрк басма сөзү 10.04.2017

«Сабах» гезити сириялык ата Эрдоганды абийирдүү лидер дегенин жазган. Сирияда режим күчтөрү 4-апрелде Идлибдин Хан Шейхун жергесине химиялык курал менен кол салуусунда 27си баладан турган 100 жаран каза болду. Кол салууда 9 айлык эгиз балдарынан жана жубайы менен бирге 25 жакын тууганан ажыраган Абдүлхамид эл-Юсуф окуядан кийин президент Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга келди. Юсуф Хатайдагы тобу менен ачылыш аземинен кийин аэропортто кезиккен президент Эрдоганды чекесинен өптү. Сириялык ата: «Эрдоган абийирдүү лидер. Биздин да Эрдоган сыяктуу лидерибиз болгондо башыбызга булар келмек эмес»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Андерсенден жомоктор мезгили аяктады» деген макаласында энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак күчтүүлүк менен байлыктын Батыштан Чыгышка оогонун жана дүйнөдө жаңы мезгилдин башталганын сөз кылып, Андерсенден жомоктор мезгилинин аяктаганын айтканын жазган. Түрк улутунун тарыхтан сабак алганын жана жашап үйрөнгөнүн белгилеген Албайрак: «Жүздөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан бул жерлердеги төңкөрүш аракети биринчи жолу 15-июлда ийгиликсиз болду. Бул улут эми кайраттуу жана барын билип тургандыктан баалууктарына ээлик кылууда»,-деди. Албайрак Түркия алдыдагы 10 жылдык процессти ийгиликтүү ашып өткөн учурда кылымдын багытын өзгөртө турганын сөз кылды.

«Йени шафак» гезити «Кореялыктардын Түркияга болгон сүйүүсү башкача» деген маалыматында Түркиянын ири долбоорлорунда алдыга чыккан түштүк кореялыктардын көңүлүндө Түркия сүйүүсү өзгөчө орунга эгедер экенин билдирген. Учурда кореялык ар бир ишкана үчүн Түркия потенциалдуу инвестиция аймагы болгондой эле боордош өлкө абалында. Кореялыктар 1950-жылы Корея согушунда баатырдык көрсөткөн ыктыярдуу түрк аскерлерин унутушпайт жана ар бир мүмкүнчүлүктө таазим кылышууда. 2002-жылы Түркия менен Түштүк Кореянын улуттук курама командалары Дүйнөлүк кубокто бетме-келгенде кореялыктардын жарымы Түркияны жарымы болсо өз командасын колдоду, бул буга чейин болуп көрбөгөн нерсе эле. Кореялыктар руханий баалууктар менен катар жогорку технология аркылуу да Түркия менен болгон байланыштарын күчтөндүрүүнү каалайт жана инвестициялык артыкчылыктарын Түркияга бөлүүдө.

«Стар» гезити «Футбол жылдызы Месуд Өзил, немистердин бөлүүчүлүгүн түшүндүрдү» деген маалыматында Англиянын Арсенал командасынын футболчусу Месут Өзил түрк тектүү болушунан улам Германиядагы тандоолордо адилетсиздикке дуушар болгонун айтканын жазган. Англиянын «Daily Mail» гезитине берген маегинде Месуд Өзил: «Түрк тектүү болгонуман улам мыкты ойногонума карабастан 3-4 жолу адилетсиздикке дуушар болгондо Германиянын бөлүүчүлүк кылганын билдим»,- деди.



Тектеш кабарлар