Түрк басма сөзү 7.04.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

708095
Түрк басма сөзү 7.04.2017

«Сабах» гезити «Чириген континент Европа» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Европанын демократия, адам укуктары жана эркиндиктерин эмес кысымдын, күчтүн, нацизмдин борбору экендигин айткандыгын билдирген. Балыкесирде элге кайрылган жана «Алдыбызда бардык жагынан чириген континент бар»,- деген Эрдоган : «16 -  апрелде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча элдик добуш берүүгө жакындаган сайын Европанын жана террордук уюмдардын, Түркияга душман болгон чөйрөлөрдүн колу – буту чырмалып жатат. Бардык аракеттерине карабастан тарыхыбыздын эң чоң  башкаруу реформасына тоскоол боло албай тургандарын көргөн сайын эмне кылышарын билбей жатышат»,- деди.

«Стар» гезити «Кандилде беш бута жардырылды» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында жүргүзүлгөн аба кыймылында жикчил террордук уюм ПККга таандык беш бутаны жардыргандыгын билдирди. Кечки сааттарда алынган маалымат боюнча түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар Кандилге абадан операция жүргүздү. ПККга таандык экендиги аныкталган үч турак жай менен эки баш калкалоочу жер жардырылды. Милдетин ийгиликтүү аяктаган аскердик учактар базаларына кайтып келишти.

«Хабер түрк» гезити «АКШдан Сирияга элүү тогуз ракета» деген маалыматында  Сирия режиминин Шайрат аба базасына элүү тогуз Томагавк ракетасын аткандыгын жазган. Ракеталар Хомс жакындарында Шайрат аба базасындагы радарларды, бомбалоочу учактарды, учак ок – дарыларын, учактарга күйүүчү май берген станцияларды, абадан коргонуу системаларын бутага алды. Ракета кол салуусу Жер Ортолук деңизине жайгаштырылган бир Америка аскердик кемесинен жасалды. Атылган базанын жарандарга карата химиялык куралдарда колдонулгандыгы болжолдолууда.

«Ватан» гезити «Анкара жиберип жатат алар эркин койо берүүдө» деген маалыматында Түркия террор менен күрөшүү тууралуу Европа өлкөлөрүнөн жакындыкты күтүп жаткандыгын жазган. Түрк жетекчилер акыркы бир канча жылдын ичинде Европа өлкөлөрүндө террордук кыймылдарды аткарган бир топ ДЕАШ мүчөсүн Сирияга барууга аракет кылып жатканда кармап өлкөлөрүнө тапшырган. Бирок бул террористтер Европа өлкөлөрү тарабынан эркин койо берилген болчу. 2015- жылы борбор шаар Парижди канга булаган террорист Париж кыймылдарынын пландоочусу болгон террорист Брюселдеги метро кол салуусун жасаган террорист, Париждеги белгилүү Нотр – Дам соборуна карата бомбалуу кол салууга даярданып жатканда кармалган ДЕАШ мүчөсү аял террорист булардын кээ бирлери гана.

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунан жаңы учуу рекорду» деген маалыматында түрк аба жолдорунун директору Билал Экши социалдык бөлүшүү сайтынан бүгүн резервация жасаткан киши санын бөлүшүү менен «Бул бир рекорд. Жума күнү 200 миң 61 жүргүнчү түрк аба жолдорун тандады»,- деди. Экши твиттердеги  маалыматында : «Коопсуз жана ыңгайлуу учууну каалайбыз»,- деди. Билал Экши 31 -  мартта да 187 миң 470 жүргүнчүнүн түрк аба жолдору менен учуу үчүн резервация жасаткандыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар