Түрк басма сөзү-6.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

707443
Түрк басма сөзү-6.04.2017

«Хабер түрк» гезити «Европа Биримдигинин жасалма ырааттуулугу бузулууда» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Европа Биримдигинде түзүлгөн жасалма ырааттуулуктун бузулганын жана Европа Биримдигинин жаштарга жумуш табууда кыйналганын айтканын жазган. Эрдоган Түркия экономикалык жактан өсүп жатканда бизди коркуткандар өздөрүн карасын, Европа Биримдигинин абалы начар» деди.

«Йени шафак» гезити «Жайкы ысыкка даяр болгула» деген макаласында президент Эрдоган Түркиянын өсүп-үнүгүшүн каалабагандар ар дайым террордук уюмдарды колдогонун айтканын билдирген. Эрдоган Террордук уюмдарды колдонуп бизди күчтөн тайдыргысы келгендер бирилип коюшсун аларды жайдын ысыгы күтүп жатат» деди.

 «Сабах» гезити «Кызыл бюллетень менен изделген ПККлык террористти Германия атуулдугуна кабыл алды» аттуу маалыматында 1988-жылы Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында эки башталгыч мектептин өрттөлгөнү жана адам өлтүрүү кылмышы боюнча кызыл бюллетень менен изделген ПККлык террорист Желал Кылдаг Кариб аралдарында 3 аралдан турган Англияга караштуу кичине өлкө Кайман аралдарына бараткан жүргүнчү кемесинен түшкөндө кармалганын маалымдаган. Террористтин Германиянын атуулу экендиги түшүнүктүү болду. Немис жубайы менен бирге аралга турист катары барган террорист, Германия паспорту да бар, ал эми террорист болгону үчүн кармалуу талабы бар. Эми террористтин Түркияга кайтарылып кайтарылбай турганы кызыгылып күтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Түркиянын Сирия темасындагы жароокерликтери Европаны уялтууда» деген маалыматында Асад режиминин химиялык курал менен кол салуусуна каршылык көрсөтүүлөр уланып жатканын жазган. Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон, өлкөсү жана АКШнын 2013-жылы Сирияда химиялык курал колдонулушуна каршылык көрсөтпөгөнүн эске салып, «Ар ким билет, бүгүн мунун жыйынтыктары менен жашап жатабыз. Сирия калкы ал токтомдун жыйынтыктары менен жашап жатат»,-деди. Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль да: «Түркия качкындарды кабыл алуусу менен мыкты иш кылып эле калган жок. Кээде Европадагы талаштарды карап алып, уяламын»,-деди.

«Стар» гезити «Асаддын химиялык курал менен кол салуусунан кийин Анкаранын ишке киришкенин»  жазган. Анкара кечээ кезексиз чогулган БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйналышынын алдында адис табылгалары жана күбөлөрдүн айткандарынан турган отчетту БУУга шашылыш коду менен жеткирди. Отчетто Сириянын Идлиб облусундагы химиялык кол салууда каза тапкандардын санынын 72ге жеткени маалымдалган.

Түрк жооптуу кызматтагылар кол салуунун Сирия режимине таандык эки учагы  тарабынан жасалганын белгилешти. Анкара алгачкы табылгалардын хлор газы болгонун белгилесе, батыштык хабер агенттиктери сарин газы колдонулганын жазып чыгышты.



Тектеш кабарлар