Түрк басма сөзү-23.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

697768
Түрк басма сөзү-23.03.2017

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган; биздин алдыбызга маска менен чыккандарга бандит мамилесин кылабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Европанын өз кызыкчылыгы сөз болгондо демократияны, укукту, эркиндиктерди, адилеттикти тоготпой коюуну туура көргөнүн, маселе Түркия болгондо жүздөрүнө демократия маскасын тагып чыккандарын баяндаганын жазган. «Биз да маска менен алдыбызга чыккандарга бандит мамилесин кылуу чечимин чыгардык»,-деген Эрдоган: «Массалык маалымат каражатынын мүчөсү көрүнүшүн берип террор уюмдарына чалгынчылык, чет элдик жашыруун кызматтарга тыңчылык кылгандарга эч качан жол бербейбиз. Процесс ушундай уланат»,-деди. Сөз эркиндиги темасында да Эрдоган: «Мени сында. Жаңылыштыктарымды айт, булардан пайдаланымын, бирок акаарат болгон учурда ага чыдай албаймын»,-деди.

«Ватан» гезити «Экинчи Кандил алардын башына кулайт» аттуу маалыматында Түркия, Ирактын түндүгүндө жикчил террор уюму ПККнын экинчи кандилди кургусу келген Синжардагы абалды жакындан байкап жатканы маалымдалган. Синжар жана Махмурдагы ПКК террористтерине каршы Ирактын Түндүгүндөгү аймактык башкаруу менен болгон кызматташтыктар каралып жатат. Мусулдагы  ДЕАШ терроруна карай операциялардын белгилүү бир баскычка жетиши менен бирге пешмерге күчтөрү Синжарга дагы көп багытталат. ПККнын Синжарга жайгашуусунун алдын алуу үчүн Түркия чек арасына жакын жерлерде Түрк куралдуу күчтөрүнүн база курушу күн тартипте. Түрк куралдуу күчтөрүнүн база куруу планы, Ирактын күрт аймактык башкаруучулугу менен сүйлөшүлдү жана база саны 10 жерде боло турганы талкууланды.                                                                      

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунун өсүүсүн каалабагандар саясатты процесске киргизишүүдө» деген кабарында батыштык аба жолдору фирмалары Түрк аба жолдору жана Стамбул менен соода жагынан атаандаша албай калган соң саясатты процесске киргизгенин маалымдаган. АКШ жана Англия, бир террор кабарын шылтоо кылып Стамбулдан келе турган каттамдарга электроникалык аппарат тыюу салуусун киргизди. Негизги себеп болсо Түрк аба жолдорунун тышкы каттамдардагы ийгилиги. Түрк аба жолдору дүйнөдөгү жүргүнчүлөрдүн 78 пайызына жете алат. Дүйнө жүзүнүн эң чоңу боло турган Стамбулдагы 3-аэропорт бүтүрүлгөндө эл аралык транзит жүргүнчү базарындагы тең-салмактуулукту толугу менен өзгөртө турганы үчүн, АКШ баштаткан жана Англия уланткан үлүш алуу согушуна алдыбыздагы күндөрдө башка өлкөлөрдүн да кошула турганы күтүлүүдө.

«Стар» гезити «Коопсуздук кооптонуусу шылтоо, максат экономикалык сокку уруу» аттуу маалыматында АКШ жана Англиянын Стамбулдан учкан учактарга электроникалык аппарат алып кирүүгө тыюу салуусуна каршы чыгуулар күчөп баратат. Иш дүйнөсүнүн алдыңкы өкүлдөрүнө караганда тыюу салуунун максаты Түрк аба жолдорунун атаандаштарына күч кошуу болуп саналат. Түркия-Европа билим берүү жана илимий изилдөөлөр фондунун (TAVAK) төрагасы Фарук Шен: «АКШ, Түркиянын 3-аэропортунун транзит борборуна айланбоосу үчүн ушундай чечимди чыгарды. Транзит каттамдар Франкфуртка, Парижге ооп, Стамбулга келбесин деп бул чечимди чыгарышты»,-деди. Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коомунун АКШ боюнча жетекчиси Мустафа Тунжер да бул тизменин коопсуздук эмей эле экономикалык себептер менен чыгарылганын, Стамбулга карай соодалык бөгөт коюу болгонун белгиледи. Туризм инвесторлору коомунун төрагасы Мурат Эрсой болсо, «Бул толугу менен түшүнүк операциясын башкаруу. Стамбул же Дубай коопсуз аэропорттор катары билинет. Бул өлкөлөрдү чектөө адрестери катары көрсөтүү кабыл алынгыс абал»,-деди.

«Сабах» гезити «Атактуулар Стамбулга келе жатышат» деген маалыматында Бириккен Уулттар Уюмунун өнүгүү программасы(UNDP) менен социалдык жоопкерчилик долбоорлорун уланткан Галатасарай, Түркия футбол федерациясынын башкы машыктыруучусу Фатих Теримдин да колдоосу менен 17-майда чоң бир уюштурууну баштай турганын белгилеген. Галатасарайдын 2000-жылдын 17-майында УЕФА кубогун жеңип чыгышынын 17 жылдыгынан улам Галатасарай майрамы катары майрамдалат. Стамбул аренада Галатасарай жана Фатих Терим чакыра турган атактуулар менен UNDP жолугуштура турган дүйнөгө таанымал мурдагы футболчулар, шоу мелдешинде күч сынашат. Уюштурууга Хаги, Попеску, Таффарэль, Кьюэлл, Дрогба жана Галатасарайдын машыктыруучусу Игорь Тудор катышат. Кубокту финалда Галатасарайга уттурган Англиянын командасы Арсеналдын жылдызы Генри, жаза тебүүсүн кыйшык тепкен Сукер жана француз Петит сыяктуу атактуулар болсо UNDPнын командасында орун алышат. Бир топ атактуулар менен болсо сүйлөшүүлөр уланып жатат.



Тектеш кабарлар