Түрк басма сөзү-21.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

695972
Түрк басма сөзү-21.03.2017

«Ватан» гезити «Экспорт рекордду күтүүдө» аттуу маалыматында экономика министри Нихөат Зейбекчинин Түркиянын экспортунун жогорулап баратканын белгилеп: «Бүткүл дүйнөдө өлкөлөрдүн экспорту төмөнөп баратат, биздики жогорулоодо»,-деп айтканын маалымдаган. Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) уюштурган Түркия-Люксембург ишкердик формунун ачылышында сөз сүйлөгөн Зейбекчи, 2017-жылдын экспорттогу ийгиликтер кайрадан башталган жыл болоорун белгилеп: «Марттын акырына келгенде кайрадан тарыхый туу чокуга жетебиз»,-деди.

«Сабах» гезити «Күндүн энергиясын пайдаланууда төңкөрүш» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын октябрь айында сүйүнчүсүн берген жана «оолуккан проект» деп атаган Коньянын Карпынар районунда курула турган миң мегаваттык күндүн энергиясын өндүрүү тендеринде эң төмөнкү сунушту Kalyon-Hanwha тобунун өнөктөштүгү бергенин маалымдаган.  Энергетика министри Берат Албайрак, тендерди «төңкөрүш» деп мүнөздөсө, 1,3 миллиард доллардык инвестиция менен Түркиянын күндүн энергиясынан пайдалууда технология өндүргөн өлкөгө айлана турганын белгилеп кетти.

«Йени шафак» гезити «Жаңы Зеландияда түрк эстелиги тургузулду» аттуу малыматында Жаңы Зеландиянын борбор калаасы Веллингтондогу Пикачу улуттук согуш эстеликтери паркындагы Түрк эстелиги азем менен ачылганын жазган. Жаңы Зеландиянын ардагер иштери боюнча министри Дэвид Беннет, аземдеги сөзүндө Түрк эстелигинин ачылышы менен эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын дагы да күчтөнгөнүн айтты. Түркиянын Веллингтондогу элчиси Эргин да өз сөзүндө Гелиболуга чабуул жана андан соң болгон Чанаккале согуштарынын тарыхта катталган акыркы «мырзалар согушу» болгонун белгилеп кетти.

«Хүррийет «гезити «Калын түркү клибин чыгарды» аттуу маалыматында президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, саясий карьерасы менен катар музыканы да таштабай алып баратканын жазган. Баглама аспабын черткен жана түркү ырдаган Калындын түркү клибин чыгарганын маалымадган. «Бир жүз аарчы алдым» аттуу ырын баглама чалып ырдаган Ибрахим Калындын үнүнө уккандар суктанышты. Түркүнүн клиби социалдык медиада ылдам түрдө жайылды. Эске сала кетсек Ибрахим калын мурда да «Көр канча болот» аттуу түркүсүн 15-июль шейиттери үчүн ырдап, көргөндөрүн сүймөнчүгүнө айланган.

«Стар» гезити «Стамбулда моданын убагы» аттуу маалыматында түрк мода индустриясын дүйнөгө таанытууну максаттаган «Мерседес-Бенз фэйшн вик Стамбул» Бейоглунда башталды. Дефиле жана түркүн түстүү шоулар орун ала турган мода жумалыгы 5 күнгө созулат.



Тектеш кабарлар