Түрк басма сөзү 17.03.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

693831
Түрк басма сөзү  17.03.2017

«Ватан» гезити «Түркияны жоготтуң» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Сакарияда топ түрүндө ачылуу аземдеринде  сүйлөгөн сөзүндө Нидерландиядагы шайлоодон биринчи чыккан партия Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясынын лидери премьер – министр Марк Рюттеге : «Рютте шайлоодон биринчи болуп чыгышың мүмкүн. Бирок Түркия сыяктуу досуңду жоготтуң. Шайлоодон кийин премьер – министр менен тамак жесек болот. Бизде мындай премьер – министр жок. Сен жоготтуң»,- дегендигин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «АКШнын тышкы иштер министри 30 -  мартта келет» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында берген маалыматында АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсондун 30 -  мартта келүүнү каалап жаткандыгын айтканын жазган. Чавушоглу президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын арасында Вашингтондо өтө турган жолугушуунун 16 -  апрелдеги добуш берүүдөн кийин болорун билдирди. Президент Эрдогандын февраль айында Трамп менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Фетуллахчы террордук уюм тууралуу баа берилерин айткандыгын эске салган Чавушоглу АКШ чыныгы союздаш болсо ФЕТӨ жана жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД тууралуу мамилесинен баш тартышы керектигин белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Түркияга гарантия берилиши керек» деген маалыматында Түркия – Европа Биримдиги карым – катнаштарына байланыштуу Европа телекөрсөтүүлөрүндө өткөрүлгөн ачык отурумдардын кайрадан эң көп изилденген ысымы болгон Европа Биримдигинин кеңейүүдөн жооптуу мурунку комиссары Гюнтер Верхуген Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы араздашууну коркунучтуу кризис деп мүнөздөдү. Мунун карым – катнаштардын толугу менен үзүлүшүнө жол ачары боюнча эскертти. Түркия менен жаңы башталгычтарды жактагандыгын баса белгилеген Верхуген : «Европа Биримдиги Түркияга Европа үй – бүлөсү ичинде тең укуктарга ээ туруктуу ордун аларына шартсыз гарантия бериши керек. Душмандыктын ордуна бизди бири бирибизге жакындата турган диалогго инвестиция салуубуз керек»,- деди.

«Стар» гезити «ТАВдын 15 -  аэропорту Янбу болду» деген маалыматында аэропортторду иштетүүдө Түркиянын дүйнөдөгү алдыңкы маркасы ТАВ аэропорттору Сауд Арабстан Янбу Принц Абдул Мухсин Бин Абдулазиз эл аралык аэропортунун 30 жылдык иштетүү укугуна ээ болду. ТАВ жаңы станциясын курат жана аэропортту 30 жыл иштетет.

«Сабах» гезити «Ливанда осмондук көргөзмөсү» деген маалыматында Ливандын түндүгүндөгү Батроун шаарында Осмон империясы мезгилине таандык миң тарыхый документ орун алган көргөзмө ачылды. Анкара менен Бейруттун арасында жүргүзүлгөн 5 жылдык эмгектин жыйынтыгы Осмон империясы 400 жылдан ашуун өкүмдүк кылган Батроун тарыхына жарык чачкан миң даана тарыхый документ Ататүрк китепканасы, Осмондук архивдер борбору жана Стамбул университетинин архивинен шаарга жиберилип көргөзмөгө чыгарыла баштады.



Тектеш кабарлар