Түрк басма сөзү-16.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

693147
Түрк басма сөзү-16.03.2017

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: фашизмдин руху Европанын көчөлөрүндө жүрөт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа өлкөлөрүнүн Түркиянын 2023-жыл максатынан корккондорун, буга тоскоол болуш үчүн да колдорунан келген бардык нерсени кылып жаткандарын белгилеп кетти. Европалыктардын 16-апрелдеги элдик добуш берүүсүнүн кандай түшүнүктү бергенин абдан жакшы билгенин айткан Эрдоган: «Европалыктар, 15-июлдагы кандуу төңкөрүш аракети аркылуу жете албаган максаттары менен түбөлүккө коштошо тургандарын билишет»,-деди. Эрдоган, европалыктардын Түркияга карай хаос жана төңкөрүш аракеттеринин ийгиликтүү болбогонун жана Түркиянын максаттарынан да корко баштагандарын белгилеп өттү. Фашизмдин рухунун Европа көчөлөрүндө жүргөнүн да белгилеген Эрдоган: «Биз Түркия катары Европа өлкөлөрүндөгү жикчилдерге каршы демократияны, адам укуктарын, укукту жактоону улантабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Министр Кая, Нидерландиянын жикчил, фашист мамилесин БУУда түшүндүрдү» аттуу маалыматында үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Нидерландиянын нео-нацист ишке ашырууларын түшүндүргөнүн жазган. Министр Кая: «Нидерландия дипломатиялык кол тийбестиги болгон аял министрдин сөз жана кыймыл эркиндигин чектеп Европа жана БУУнун келишимдерин бузду. Дүйнө жүзү бул коркунучтуу бузууга карата үн катпай калбашы керек»,-деди. Министр Кая: «Унаамды курчап алган атайын топко ок атуу буйругу берилди. Мени тосуп алуу үчүн чогулган атуулдарыбыз полициянын иттери жана аттары менен адамзатка жатпаган мамилеге дуушар болушту. Өлкөм жана бардык аялдардын атынан бул жикчил жана чет элдик душманы болгон мамилени айыптаймын»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Мигрант келишиминин түшүнүгү калган жок» деген маалыматында Түркиянын Европа Биримдиги боюнча министри Өмер Челиктин Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн «Артка кайтарып алуу» келишиминин токтотула ала турганынын белгисин бергенин маалымдаган. Министр Челик: «Түркия каалаган учурунда, каалагандай түрдө мигрант келишимин карап чыга алат. Каралып чыгылышынын убагы келгенин ойлоодомун. Бул келишимдин улантылышы үчүн эч бир себеп жок экенин ойлоодомун»,-деди. Мигрант келишими менен бирге аткарылышы көздөлгөн Түркия жарандары үчүн Европага виза эркиндиги темасына токтолгон Челик: «Виза эркиндиги темасында муну түшүндүк, ЕБ бул темада обьективдүү жана адилеттүү мамиле кылбайт, бул анык болду»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Нидерландиядагы шайлоодо Эрдоганга да добуш берилди» деген маалыматында Нидерландияда кечээ өткөн шайлоолордо бюллетендердеги «Режеп Таййип Эрдоган» жазуусу күн тартипке чагылгандай түшкөнүн жазган. Медиада көрсөтүлгөн бир шайлоочу бөлүшкөн бюллетендин эң астында «Режеп Таййип Эрдоган» деп жазылып турат. Бул сыяктуу жүздөгөн бюллетен табылганы белгиленди. Шайлоо бюллетениндеги «Режеп Таййип Эрдоган» жазуусу социалдык медиа тармагында да ылдам түрдө жайылды. Мындан мурда да АКШда өткөн презиенттик шайлоодо президент Эрдоганга символдук добуш берилген. Франциядагы алдына ала шайлоолордо да президент Эрдоганга добуш берилген. Социалдык медиадагы бир топ колдонуучу «Президенттикти кыла ала турган жалгыз киши Эрдоган, калган талапкерлердин дымагы жетпейт» дешкен.

«Стар» гезити «Германиядан балдарга нацисттик зулумдук» аттуу маалыматында Германия жана Нидерландиянын нацизм сындоосуна каршылык көрсөтсө да бул өлкөдө түрктөрдөн баштап мусулмандарга жасалгандар нацизмди чагылыштарганын жазган. 2-Дүйнөлүк согушта еврейлерге каршы жасалган этникалык жана диний тазалоо түшүнүгүн берген нацизм, бүгүнкү күндүн Геманиясы жана Европасында «системалуу түрк жана мусулман тазалоосу» катары ортого чыкты. Мусулман үй-бүлөлөрдүн балдары жасалма себептер менен үй-бүлөлөрүнөн алынып дини, тили, теги, маданияты унуттурлуп «түрк жана мусулман душманына айландырылууга аракет кылынууда. 1965-жылдан бери 100 миңден ашуун түрк баласы жасалма себептер менен үй-бүлөлөрүнөн алынып немис жана христиан үй-бүлөлөрдүн жанына берилип этникалык түзүлүшүнөн жана дининен алыстатылууга аракет кылынган.



Тектеш кабарлар