Түрк басма сөзү 13.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

690122
Түрк басма сөзү 13.03.2017

«Йени шафак» гезити «Беделин төлөшөт!» деген макаласында Нидерландиянын түрк саясатчыларына каршы фашисттик санкцияларына каршылык көрсөткөн президент Режеп Тайип Эрдогандын: «Менин министриме адепсиз мамиле кылгандар мунун беделин төлөшөт. Менин Нидерландиядагы жарандарымды ат менен жөөлөгөндөр мунун беделин төлөшөт. Дипломатия деген эмне аны да үйрөнүшөт. Ал жердеги жарандарыбызга кайрыламын: Коңшуңуздарды да алып келгиле Түркияга, меймандостук кандай экенин көрүшсүн» деген сөздөрү менен баса белгилегенин жазган. Шаршемби күнү Нидерландияда өтө турган жалпы шайлоого да көңүл бурган Эрдоган, Нидерландиядагы 250 миң түрккө карай жасалган бул мамилеге каршы түрк шайлоочунун эмне керек болсо аткара турганына ишенгенин айтты.

«Хабер түрк» гезити «Кечирим суроо аздык кылат» деген макаласында Франциянын Мез шаарында түрктөр менен жолугушкан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Саян Каянын Нидерландия полициясы тарабынан Роттердамда түрк консулдугуна киргизилбей коюшунун Вена келишимине карама-каршы келгенин айтканын билдирген. Консулдуктун түрк жери экенин баса белгилеген Чавушоглу, түркиялык министрдин консулдукка кирүүсүнө уруксат берилбеши, консулдуктун кызматкерлеринин да сыртка чыгышына бөгөт коюлушу толугу менен жикчилдик жана эркиндиктерге карама-каршы келгенин баса белгиледи.

«Сабах» гезити «Бардык эркиндиктерге чектөө коюшту» деген маалыматында үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Каянын Нидерландияда болгон ошол караңгы түндү айтып бергенин жазган. Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин «Өзгөчө кырдаал жарыялады» деп бизди сындагандар ошол түнү «Өзгөчө кырдаал жарыялашты» деген министр Кая, дипломатиялык жана адамдык сапаттарга шайкеш келбеген бул мамиленин дүйнөнүн жалпысында айыпталышы керектигин айтты.

«Хүррийет» гезити «Ырайымсыздык» деген макаласында үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Каяны өлкөдөн чыгарган Нидерландияга каршы чыгуулар уланып жатканын билдирген. Полициянын ошол түнү нааразылык акциясын өткөргөн түрктөргө жасаган мамилесин да бүткүл дүйнө көрдү. Полициянын элди аттар менен жөөлөп кириши, иттерди кое бериши жана дубинкалар менен суу колдонушунан кеминде 7 киши жаракат алып, 12 киши да камакка алынды.

«Ватан» гезити «Адамдык касиет тебеленди» деген маалыматында Түркияга ар бир мүмкүнчүлүктө адам укуктары сабагын берген Европанын чок ортосунда колдорунда желектер менен тынчтыкчыл митинг өткөргөн түрктөргө Нидерландия полициясы иттерди кое берип тиштеткенин жазган. Аттын үстүндөгү полициялар да туш келди дубинкалар менен соккулап, көп сандаган түрк атуулу жаратка алды.



Тектеш кабарлар