Түрк басма сөзү 27.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

680698
Түрк басма сөзү 27.02.2017

«Йени шафак» гезити «Президенттик система аркылуу таасирдүү тышкы саясат» деген маалыматында дагы да күчтүү Түркия үчүн 18 беренелик конституциялык өзгөртүүнүн 16-апрелде элге сунуштала турганын билдирген. Жаңы баш мыйзамда президенттик системаны камтыган башкаруу модели, Түркиянын тышкы саясатын жана эл аралык карым-катнаштардагы таасирдүүлүгүн бекемдеп, баштапкы жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Эл аралык кризистерде активдүү күрөшөт. Ошондой эле Түркия өз ички ырааттуулугун эл аралык байланыштарына чагылдырат. Аймактык жана эл аралык карым-катнаштар тармагында дагы да проактивдүү жана көп жактуу тышкы саясат жүргүзөт. Түркия аскердик жана коргонуу өнөр жайы тармагына көбүрөөк басым жасайт. Жаңы мезгилде Түркиянын НАТОдогу ролу күчтөндүрүлөт. Түркия экономикалык саясаттарын жандандырып, инвестиция жана өнүктүрүү процессин ылдамдатат.

«Хабер түрк» гезити Израилдин Стамбулдагы башкы консулу Сахиа Коэндин алакалар жаман болуп турганда да түрк жооптуу кызматкерлеринин абдан жакшы мамиле кылгандарын айтканын жазган. Израиль менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштар «Мави Мармара» окуясында токтоп калганда жана элчилер чакыртылганда көпкө чейин Түркиядагы жогорку деңгээлдеги израилдик жооптуу катары кызмат кылган Коэн: «Мен Түркияга келээр алдында негизи нормалдашуу башталган эле. Премьер-министр Беньямин Нетаньяху президент Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «Мави Мармара» окуясы боюнча кечирим сураган. Толугу менен келишим түзүлгөнү калганда Газага жүргүзүлгөн операция иштерибизге терс таасирин тийгизди. Бул окуялар учурунда Түркияга келип-кетип жүрдүм. Алгач кызматымдын оор өтөөрүн ойлодум. Бирок күтүлбөгөн түрдө ар бир сүйлөшүүм, бардык иш-аракетим 90 пайыз оң жыйынтыкталды»,- деди.

«Ватан» гезити «Чек арага чоң дубалдын жарымы бүттү» деген маалыматында Премьер-министрликке караштуу Элди турак жай менен камсыздандыруу башкармалыгы ТОКИнин Түркия-Сирия чек арасында салып жаткан 511 километрдик коопсуздук дубалынын курулушунун орто эсеп менен 50 пайызынын аяктаганын билдирген. ТОКИнин жетекчиси Эргүн Туран чек арага кеңдиги 2 метр жана 3 метр бийиктигиндеги 7 тонналык блоктордун бүткөрүлгөн бөлүгүндө, дубалдардын үстүнө зым тартылганын жана чек ара дубалынын портативдүү экенин айтты.

«Стар» гезити «Кинофестивалында классикалык тамалар» деген маалыматында быйыл 5-15-апрель күндөрүнүн аралыгында өтө турган 36-Стамбул кинофестивалы классикалык тасмаларды көрүү мүмкүнчүгүн тартуулай турганын билдирген.



Тектеш кабарлар