Түрк басма сөзү-21.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

677180
Түрк басма сөзү-21.02.2017

«Стар» гезити «Ракка дипломатиясы» аттуу маалыматында Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) төрагасы Майк Помпео жана АКШнын башкы штаб төрагасы Жосеф Данфорддун артынан Анкарага бул ирет АКШнын куралдуу күчтөр комитетинин жетекчиси, сенатор Жон Маккейн келгенин баяндаган. Удаама-удаа болгон сапарлардын негизги күн тартип беренеси Ракка операциясы болду. Президент Режеп Таййип Эрдоган менен сенатор Маккейндин жолугушуусунда Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда террор уюмдарына карай жүргүзүп жаткан «Евфрат калканы» кыймылы жана ыктымалдуу Ракка операциясы каралып,  жолугушууга премьер-министр Бинали Йылдырым да катышты. Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш Түркиянын АКШдан абдан жогорку деңгээлдеги жооптуулар менен жолугушуусунун оң белгилерди бергенин билдирип, айрым көз караш айырмачылыктарынын жоюла баштаганын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Желек илбегендер маринанын тышына чыксын» аттуу маалыматында Түркияны дүйнөлүк яхта туризминин борборуна айландыруу максаты менен убактылуу шыктандыруу түзүтүүлөрдү жасаган өкмөт, Түркия желегин илбеген яхталарга Түркияда токтой турган мөөнөттөрү үчүн чектөө алып келүүгө даярданууда. Чет элдик желек илген яхталар эң көп 90-120 күн порттордо тура алышат, жылдын калган убакыттарын башка жерлерде өткөрүүгө аргасыз болушат. Өкмөт яхталардын Түркия желегине өтүшү үчүн атайын кардар салыган жойду, кошумча нарк салыгын 1 пайызга түшүрдү. Жыл сайын алынган 400-6500 лиралык яхта байлоо акысын да жоюп салды.

«Хүррийет» гезити «68 өлкөдөн 400 ишкер бул аптада Түркияга келет» деген маалыматында аял демилгечи ишкерлерге эл аралык базарларда жаңы жумуш мүмкүнчүлүгүн жаратуу максатында Эл аралык соода борбору тарабынан жыл сайын уюштурулган форум быйыл 22-23-февраль күндөрүндө Стамбулда болоорун жазган. Форумга Түркия менен катар Мексика, Кытай, Нигерия, Кот-д’Ивуар жана Гана сыяктуу өлкөлөр орун алган 68 башка өлкөдөн текстиль, информатика технологиялары жана туризм секторлорунда ишин жүргүзгөн 400 аял демилгечи катышат. Түркиядан 90 айым демилгечи орун ала турган иш-чарада орто эсеп менен 10 миллион доллардык жумуш көлөмү максатталууда.

«Сабах» гезити «Туугандык көпүрөлөрү салынат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Анкарада жашаган сириялык аяладрады кабыл алганын жазган. Президенттик комплекстеги кабыл алууда баш калкалоочулар темасында иш алып барган мамлекеттик мекеме жана уюмдар менен катар гуманитардык жардам тармагындагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Эмине Эрдоган кабыл алууда, «Дүйнөгө келген балдарды жоголгон муун болуудан чыгарып, аларга негизги билимди берели. Жаштар университет билиминен арта калбасын. Ансар жана мухажир туугандыгынан маданияттар аралык көпүрө куруш керек»,-деп айтты.

«Йне шафак» гезити «Антарктикага түрк базасын куруш үчүн илимий сапар» аттуу маалыматында Түркиянын уюл илимдери эмгектенүүсүн кылган алгачкы жана жалгыз борбору Стамбул техникалык университетинин уюлдук изилдөөлөрүн ишке ашыруу жана изилдөө борборунун директору доцент Буржу Өзсой да арасында орун алган алдын ала иштөө тобу Антарктидада курулуусу пландалган түрк базасы үчүн иштерди жүргүзүш үчүн алдыдагы күндөрдө жолго чыгаарын жазган. Бул топ адамзаттын келечегине жеңилдик алып келе турган миллиондогон табылганын эң таза абалын камтыган Антарктидада желегибизди желбиретет.



Тектеш кабарлар