Түрк басма сөзү-16.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

674104
Түрк басма сөзү-16.02.2017

«Хүррийет» гезити «Катар кайгылуу күндө дос болду» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Бахрейн жана Сауд Арабиядан кийин кечээ Катарга барганын жазган. Эрдоганды Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Ал-Сани расмий салтанат менен тосуп алды. Президент Эрдоган Дохада «Ал-Араби» гезитине маек куруп берип, анда «Ар бир жолугушуу, пикир биримдигибизди, жакшы санаалаштыгыбызды чыңдоодо. Катардын 15-июлдагы төңкөрүш аракети убагында жана андан кийин көрсөткөн колдошуусун, колдоосун унутпайбыз. Катар кайгылуу күндө достугун көрсөттү. Тууганым шейх Тамим менен кол кармашып аймагыбыздын тынчтыкка жетиши үчүн дагы көп иштерди аткара турганыбызга ишенемин»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Германияга калың топ болуп баруу» аттуу маалыматында 25-февралда баштала турган жаңы конституция үчүн референдум үгүт иштерин баштоонун алдында премьер-министр Бинали Йылдырым, ишемби күнү Германиянын Оберхаузен шаарында 15 миң мекендешке кайрылаарын маалымдаган. Йылдырым ошол эле күнү Мюнхенде катыша турган Коопсуздук саммитинде да АКШнын вице-президенти Майк Пенс баштаган бир топ лидерлер менен жолугат.

«Хабер түрк» гезити «Кара деңизде ролдор белгиленет; НАТОнун аскердик чара көрүү эрежелери талкууда» аттуу маалыматында Орусия менен АКШнын ортосундагы Украина кризиси жана Орусиянын Кырымды аннекциялашынан кийин Кара деңизде чыңалуу күчөгөнүн баяндаган. Кечээ башталган жана бүгүн Брюсселде улана турган НАТОнун коргоо министрлеринин жыйналышында «аскердик чара көрүү эрежесинин альтернативалары» каралууда. НАТОнун Кара деңизде көрө турган аскердик чаралар токтомуна Түркиянын кандай колдоо көрсөтө турганы да бул жыйналышта формаланат. Кара деңиз үчүн талкуу жүрүп жаткан аскердик чара көрүү эрежесинин  альтернативаларынын арасында , «туруктуу НАТО деңиз күчү, бириккен флот же көп улуттуу батальон» орун алууда.

«Ватан» гезити «Түркия, Азия кабыландары деңгээлине жетти» деген маалыматында Дүйнөлүк банк жарыялаган «Көңүл буруу баасы» отчетунда Түркиянын 2015-жылы орто эсеп менен 28 пайыз болгон инвестиция менен улуттук дүң продукция көрсөткүчү жагынан алганда Азия кабыландары менен окшош деңгээлге жеткени баса белгиленгенин маалымдаган. Отчетто Түркиянын Филлипин аралдары жана Индиядан бир аз гана жай өскөнү, Индонезия жана Малайзияны артка калтырганы белгиленди.

«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Стамбулда музыка 29-майда башталат» деген маалыматында Стамбулдун 45-музыка фестивалы «Күтүлбөгөн» деген темасы менен 29-майдан 21-июнга чейин музыка сүйүүчүлөргө тартууланаары орун алган. 2015-жылдагы Чайковский сынагынын виоленчел тармагындагы биринчиси 23 жаштагы жаш челлист Андрей Лонитанын 29-майдагы ачылыш концерти менен баштала турган фестивал, Санкт петербургдун орус бөлмө филармониясы, Вена бөлмө оркестри, Лондон бөлмө оркестри сыяктуу тандамал топтордон Хүсейин Сермет, Алина Погосткина жана Матиас Георне сыяктуу устат солисттер жана жаш муундагы чеберлер, 600дөн ашуун жергиликтүү жана чет элдик чеберлер менен капалычаршы да орун алган Стамбулдун 15 башка жеринде музасын тартуулайт.

 



Тектеш кабарлар