Түрк басма сөзү 13.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

670977
Түрк басма сөзү 13.02.2017

«Хүррүйет» гезити «Эл Баб курчоого алынды» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдогандын Бахрейн, Сауд Арабстан жана Катарга сапарынын алдында «Ататүрк» аэропортунда Сириянын түндүгүнүн террордук уюмдардан тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жетекчилигинде башталган «Евфрат калканы» кыймылына байланыштуу маалымат бергенин жазган. Президент Эрдоган: «Эл Баб биздики жана Эркин Сирия армиясы тарабынан төрт тараптан курчалган абалда. Аскердик күчтөрүбүз Эркин Сирия армиясы менен борборго кирейин деп калды. Террордук уюм ДЕАШ болсо Эл Бабдан чыгып кетүүгө аргасыз болот. Пландалган иштер жүргүзүлүп жатат. Мындан кийинки процессте чыгышка карай Мүмбич жана Ракка бар. Бул туурасында учурда АКШнын жаңы башкаруучулугу жана Борбордук чалгындоо кызматы менен ой-пикирлерибизди бөлүштүк»,-деди.

«Стар» гезити «Энергетиканын кызыл китеби жазылууда» деген маалыматында Түркиянын энергетика саясаттарына байланыштуу негизги китеп даярдалып жатканын билдирген. Энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак: «Министрлер алмашат, кызматтар алмашат бирок Түркиянын энергетика саясаттарындагы негизги стратегиялар өзгөрбөшү керек. Бул көз карашка кызмат кыла турчу иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. 2023-жылы Түркияда энергетикалык көз карандылыкта, энергетикалык натыйжалуулукта, энергиялык көп түрдүүлүктө, энергетикалык объектилерде бардык жагдайларда даярдыктуу, чыгымдар кыскартылган, атаандаштык арттырылган, экономикабызды өсүүгө карай багыттай турган энергетикалык стратегияга муктаждык бар»,-деди.

«Сабах» гезити «Автоунаа секторунда өсүү» деген маалыматында 2016-жылды өндүрүш, экспорт жана ички рынокто рекорддук деңгээлде жапкан автоунаа сектору, 2017-жылды ылдам баштаганын билдирген. Январь айында өндүрүш, экспорт жана ички рынокто жогорку деңгээлде өсүү болду. Жалпы өндүрүш 128 миңге, автомобиль өндүрүшү болсо 94 миңге жетти.

«Ватан» гезити «Чет элдиктерге облигацияларды валюта менен экспорт кылууга уруксат берилет» деген маалыматында вице-премьер Шимшек «Стамбул каржы борбору» программасынын алкагында чет өлкөдөгү инвесторлордун Түркияда капитал рыногунун мыйзамдарынын негизинде чет элдик акча бирдиги менен карыз алуу аркылуу экспорт кылууларынын жолун ача тургандарын билдирди. Шимшек аты аталган чечимдин Стамбулдун каржы борбору максатына жардамчы болуусу менен катар талаптар боюнча чыгарылганын белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Эрзурумда көркөмдүү ачылыш» деген маалыматында Түркиянын жетекчилигинде Европа Жаштар Кышкы олимпиадалык фестиваль-2017 Эрзурумда өткөрүлгөн көркөмдүү ачылыш аземи менен башталганын билдирген. Ачылыш аземи Эрзурумдагы «Казым Карабекир» стадионунда өткөрүлдү. Аземде улуттук спортчу Айше Дурлудан Олимпиада отун алган Сердар Дениз отту жакты. Кышкы олимпиадалык фестивалда 34 өлкөдөн 14-18- жаш курактарындагы 650 сопортчу 18-февралга чейин медаль үчүн мелдешет.



Тектеш кабарлар