Түрк басма сөзү-9.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

669161
Түрк басма сөзү-9.02.2017

«Стар» гезити «Премьер-министр Бинали Йылдырым, АКШнын вице-президенти менен телефон аркылуу сүйлөшөт» аттуу маалыматында Түркия менен АКШнын ортосунда диалог процесси ылдамдаганын маалымдаган. АКШ, Түркия менен карым-катнаштарын өнүктүрүү жана аймактык темаларда дагы жакын кызматташтык кылууну каалайт. Мурдагы күнү президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүшүнөн кийин эми өкмөт башчы Бинали Йылдырым, АКШнын вице-президенти Майкл Пенс менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрөт. Йылдырым менен Пенстин бүгүн кечинде боло турган сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык маселелердин каралышы күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Дүйнөлүк банктан ТАНАПка 400 миллион доллардык колдоо көрсөтүлдү» аттуу маалыматында Азербайжандын жаратылыш газын Түркия аркылуу Европага ташуусу пландалган газ кууру багыты долбоору ТАНАП үчүн Дүйнөлүк банк менен 400 миллион доллардык насыя келишимине кол коюлганын маалымдаган. Кол коюу аземинде маалымат берген Түркиянын энергетика жана жаратылыш  ресурстары министри Берат Албайрак, ТАНАПтын алдыбыздагы жылда ачылышын жасай тургандарын айтты. Энергетикада жалгыз эле Дүйнөлүк банк эмес эл аралык банкатар менен жүргөзөн 3 миллиард доллардык финансы пакетин да быйыл бүтүрүүнү максаттагандарын баса белгилеген министр Албайрак, жума күнү Туз көлү газ топтоо комплексинин алгачкы газ куюу ишинин президент Эрдоган катышкан азем менен ачыла турганын айтты.

«Сабах» гезити «Түркия ЕБнин баш тартылгыс шериктеши» деген маалыматында Европа Парламентинин айрым эл өкүлдөрү, ЕБнин Анкара менен карым-катнаштарын оңдоосу жана жакын кызматташтык кылуусунун ЕБнин пайдасына боло турганын жана чыныгы шериктештиктин да муну талап кылганын белгилешкенин баяндаган. ЕПнин чех эл көүлү Томас Здечовский, ЕБ-Түркия диалогунун терс формаланышы «Көч» келишиминин токтоо ыктымалдуулугун ала келе турганын жана ушундай абалга туш келбөө максаты менен келишимдин уланышы үчүн Европа Биримдигинин колунан келгенин кылышы керектигин белгиледи. Чех эл өкүлү «ЕБ үчүн Түркия баш тартылгыс деп айтсак боло турган шериктеш болуп саналат. ЕБ Түркия менен түзүлгөн келишимди улантылышы үчүн бардык нерсени кылышы керек»,-деди. ЕПнин словен эл өкүлү Франк Богович да биримдиктин Түркия менен жетишилген «Көч» келишиминин баасын билип ыктымалдуу апааттан алыс турушу керектигин белгилеп кетти. ЕПнин түрк тектүү болгариялык эл өкүлү Илхан Күчүк болсо ЕБ-Түркия карым-катнаштарынын келечегине багыт бериш үчүн жаңы диалог каалгасын ачуунун убагы келгенин айтты.

«Ватан» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү Эл Бабга кирди» аттуу маалыматында Сриянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында баштатылган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн Эл Бабдын борборуна киргенин жазган. Эл Бабдын чөйрөсүндөгү стратегиялуу дөбөлөрдү да каратып алган Түрк куралдуу күчтөрү, Эл Бабда ДЕАШка акыркы соккуну уруу чегине жетти. Декабрь айынын ортосунда башталган Эл Баб операциясында Түрк куралдуу күчтөрү туш болгон эң чоң кыйынчылык, террор уюму ДЕАШтын жарандарды жандуу калкан катары колдонгону болду. Согуштан мурда расмий көрсөткүчтөргө караганда 64 миң калктуу Эл Бабда дагы эле 10 миңдеген киши жашоодо. Аймактан алынган маалыматка караганда террористтер штабдарын жарандар көп жашаган мааланын ичтеринде курганы белгиленген. Ушул себептен Түрк куралдуу күчтөрү райондун борборуна ылдам кирбестен, террористтердин туруштук берүүсүн сындырыш үчүн Эл Бабды курчоого алуу жолун тандаган.

«Йени шафак» гезити «Кезекте Ракка бар» аттуу макаласында Эл Бабда террор уюму ДЕАШка стратегиялык соккуну урган Түрк куралдуу күчтөрүнүн кезектеги бутасы Ракка болоорун маалымдаган. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ракка операциясынын ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД баштаган террор уюмдары менен эмес, туура кишилер менен бирге жүргүзүлүшү керектигин айтты.АКШ башында турган террор уюму ПЙДга колдоо көрсөткөн өлкөлөрдү да эскерткен Чавушоглу: «Аларга ишенбешибиз керек. Андай болбосо Сириянын келечеги үчүн абдан олуттуу жаңылыштык болот»,-деди. Чавушоглу АКШнын Обама башкаруучулугунда террор уюмдарына колдоо көрсөтүп кылган каталарын эми жаңы башкаруунун кылбашы керектигин айтты. Бул тема бүгүн Түркияга келген CIA төрагасы менен да кайра сүйлөшүлөт.



Тектеш кабарлар