Түрк басма сөзү 3.02.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезитерден кыскача маалыматтар

664744
Түрк басма сөзү 3.02.2017

«Хүррийет» гезити «Ал эки сөз  абалды начарлатты» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдоган менен кечээ Анкарада жолугушкан Германиянын канцлери Ангела Меркелдин биргелешкен пресс жыйында колдонгон «исламист террор» дегенине каршы чыккандыгын билдирип : «Бул сөздөр биз мусулмандарды капалантууда. Мындай сөз айтыла албайт. Ислам менен террор жанаша келе албайт. Исламдын мааниси тынчтык»,- дегендигин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Йылдырымдан Трамп, Меркель жана Ципразга үч кабар : козголоңчуларды бергиле, ПЙД менен бирге болбогула» деген макаласында премьер – министр Бинали Йылдырымдын медиа өкүлдөрү менен жолугушуусунда күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп бергендигин жазган. Премьер – министр Бинали Йылдырым Грецияга качкан 8 козголоңчу аскерди Түркияга тапшырбоо чечимине байланыштуу Грециянын премьер – министри Алексис Ципразка кат жибергендигин белгилеп : «Бул чечимдин дагы бир жолу укуктун негизинде каралып чыгылышын жана булардын тапшырылышы тууралуу жыйынтыктын чыгышын күтүп жаткандыгыбызды айттым»,- деди.

Премьер – министр Бинали Йылдырым Германиянын канцлери Ангела Меркелге да : «Жикчилдерди ыраазы кылып жатып Германиядагы 3 жарым миллион түрк шайлоочуну унутпагыла»,- деди. Премьер – министр АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптан да күтүүлөрүн төмөнкүчө билдирди : 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын башчысын тапшыруу, террордук уюм ПЙД менен бирге болуудан баш тартуу, Түркияда АКШ түшүнүгүнүн оңолушу үчүн жаңы  методдогу кадамдарды таштоосу керек».

«Сабах» гезити «Чет элдик  инвестор «ыңгайлуу инвестицияга» кара багыт алды» деген маалыматында өкмөттүн 23 облусту камтыган «Ыңгайлуу  борборлор» программасынын иш дүйнөсүндө кыймылдуулук жараткандыгын белгилеген. Бул аймактарга 195ши чет элдик болуу менен 7 күндө 1200 инвестиция кайрылуусу келген. Чет элдик инвесторлордун арасында борбору Иран болгон фирмалар көп. Андан кийин немис жана француз фирмалар келген.

«Ватан» гезити «Кошунаңды алып кел» деген маалыматында президенттик сарайда туризм секторунун өкүлдөрүн кабыл алууда сөз сүйлөгөн президент Эрдоган өлкө тышында жашаган 5 миллион түрк жаранын кошуналары менен бирдикте Түркияда 1 жума эс алууга чакырды. «Той мекениңде болот»,-  деген Эрдоган өлкө тышында жашаган түрк жарандарынын жылда 50 миңге жакын  тойду өлкөдө өткөрүүлөрүн суранды. 50 миң эл аралык фирманын Түркия жана өлкө тышындагы чет элдик кызматкерди да Түркияда эс алууга чакырды. Эрдоган биринчи этапта турист санын 8 миллионго арттырууну максат  кылышкандарын билдирди.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын нефтиси туризм» деген макаласында дүйнөлүк туризм форумунун төрагасы Булут Багжы Түркиянын туризмде 2018 – жылдан баштап абдан жогорку жерлерге жетишерин белгилеп : «Араб булуңунда нефть, Орусияда жаратылыш газ кандай маанилүү болсо Түркиянын нефтиси да туризм»,- деди. 16 – 18 -  февраль күндөрү Стамбулда боло турган Дүйнөлүк туризм форумуна да баа берген Багжы бул форумдун дүйнөлүк туризмдин Давосу катары мүнөздөгөндүгүн айтты.



Тектеш кабарлар