Түрк басма сөзү-31.01.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

662746
Түрк басма сөзү-31.01.2017

«Сабах» гезити «S&P жана Fitchке муштумдай жооп, Стамбул биржасы 9 айдын эң жогорку деңгээлинде» аттуу маалыматында Түркияга чабуул коюулардын экономикалык күүлөөсүн милдеттенген эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекемелердин жума күнү кечиндеги операциясына базарлар жол бербебегин жазган. S&P календардын тышына чыгып көрүнүштү негативге айландырганына жана Фичтин да баасын инвестиция салынса болот деген деңгээлдин астына түшүргөнүнө карабастан, түрк капиталы кечээ дүйнөнүн жалпысындагы киреше тизмесинде алдыңкы орунду ээледи. Күндү 2,88 пайызга жогорулап 86 миң 237 балл менен жапкан Стамбул биржасында индекс 9 айдын эң жогорку чегине чыкты. Стамбул биржасы ошондой эле дүйнөнүн эң көп киреше тапкан базары болду.

«Стар» гезити «Насыя рейтинг баасын берүүчү мекелер Түркияга адилетсиз мамиле кылды» аттуу маалыматында Жапон кредит рейтингдин (JCR) Евразия боюнча башчысы Орхан Өкмен, маанилүү окулардын арапасында баа өзгөртүүсүн кылбоонун баа берүү литературасынын методологиялык жактан маанилүү гарантиясы болгонун маалымдаганын жазган. Өкмен абдан толтура күн тартип менен Түркиянын учурда ыкманын техникасынын алдында болгонун, өзгөчө конюктурадан өтүп жатканын айтты. Өкмен: «Ушундай өзгөчө конюктура мезгидерин эске албастан баа өзгөртүү жасалышынын, адилетсиздик абалын ортого чыгара турганы белгилүү жыйынтык. Күн тартип темаларынын жыйынтыктарынын формаланышын күтүү алдын ала божомол катасын, адилетсиздиктин алдын ала турган эң туура ыкма болуп саналат»,-деди. Өкмен: «Рейтинг баасын берүүчү мекелердин өлкөлөрдө кошумча позиция туудурууга же өлкөлөрдүн өз позицияларынын жыйынтыктары боюнча таасирдүү болбоосу үчүн аяр мамиле кылуулары күтүлөт»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Түрк банктарына ишеним глобалдык орто эсептен жогору» деген маалыматында Түрк банктарына кардарлардын ишеними жана көз карандылыгы, дүйнөнүн көп сандаган өлкөсүн артта калтырганын белгилеген. Эл аралык текешрүү жана кеңешчилик фирмасы EY 32 өлкөдө 55 миңден ашуун банктын кардарларынын көз карашын алып түзгөн жана кардарлар менен банктардын ортосундагы байланышы иликтенген Глобалдык жеке кардар банкчылыкка көз карандылык индексине караганда гдобалдык орто эсеп 75,1 пайыз деңгээлинде болгону маалымдалды.Индексте түрк банктарына кардарлардын көз карандылыгы 75,6 пайыз менен орто эсептен жогору турганы көрүндү. Индекстин жыйынтыктарында Түркияда негизги финансылык кызмат берүүчүлөргө болгон ишенимдин болсо глобалдык орто эсептен 10 пайыз жогору турганы белгилүү болду.

«Йени шафак» гезити «Мечиттер бутага алынууда» атуу макаласында АКШнын президенти Дональд Трамптын мусулмандарга карай саякат чектөөлөрүнө каршылык катары «каалгабыз мусулмандарга ачык» билдирүүсүн берген Канада кандуу террордук кыймылга дуушар болгонун жазган. Квебек Ситидеги Ислам маданияты борбору эң акыркы жолу өткөн рамазан айында исламофобиялык кол салууга дуушар болгон.  Квебек Ситинин Ислам маданияты борборунун төрагасы Мухаммед Янгуи «Квебек Ситиде мусулмандарга таандык 4 мечит бар. Бул борборлордон эң жок дегенде бирөө ушундай кол салууга дуушар болууда»,деген. Кол салуудан кийин АКШда да мечиттерде коопсуздук чаралары көрүлдү. Эки күн мурда АКШнын Техас штатында да бир мечит кулатылганы үчүн батышта жашаган мусулмандар санааркай башташкан. Нидерландияда төрт чоң мечиттин жооптуулары шашылыш жыйналыш өткөрүштү. Анда «олуттуу коопсуздук санааркоолору» себебинен сыйынуу убагында каалгалардын бекитилгени белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Канал Стамбул аралы» аттуу мааалыматында Стамбулда Кара деңизди Мрамор деңизине туташтырган Канал Стамбул долбоорунда каналдан чыгарыла турган токрак менен жасалма аралдар салынаары маалымдалган. 2,7 миллиард метр кубдук топрак менен салына турган жасалма аралдарга карай иштер башталды. Жасалма аралдар Мрамор жана Кара деңизге чыга турган жерлерге курулат. Бул аралдардын үстүнө каналды финансылаш үчүн киреше алып келүүчү долбоорлор иштелип чыгат. Аралдарга турак үй салынышы да пландалууда. Каналга карай тендерлерге быйыл киришилиши күтүлүүдө. Башка башка ысымдар коюла турган аралдар жашалгыдай абалга келтрилет. Ресторандар да болушу ойлонулган аралдарга карай деңиз транспорту коюлат. Каналдын чыга бериштеринде жана аралдарда порт жана жанашуу аянттары түзүлөт.



Тектеш кабарлар