Түрк басма сөзү 23.01.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

657137
Түрк басма сөзү 23.01.2017

«Йени шафак» гезити «Трампка Жакынкы Чыгыш эскертүүсү» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Чыгыш Африкага сапарынын алдында жарыялаган билдирүүсүндө Дональд Трапм башкаруучулугун Жакынкы Чыгыш туурасында эскерткенин жазган. Алардын Жакынкы Чыгышты бөлүп-жарууну пландап жаткандарын сөз кылган президент: «Биз жеринин бүтүндүгүнө урмат-сый көрсөткөн Жакынкы Чыгыш каалайбыз. Тынчыбызды алуучу айрым сөздөрдү угуп жатабыз. Биз бөлүнгөн Жакынкы Чыгышты эч качан каалабайбыз жана бул туура болбойт. Бул Жакынкы Чыгыш элдерин сыйлабастык болот. Түркия катары мындайга жол бербейбиз»,-деди.

«Стар» гезити «Астанада сүйлөшүүлөр башталды» деген маалыматында Сириядагы жарандык согушту соңуна чыгаруу максатында Түркия, Орусия, Иран, АКШнын делегациялары, оппозициячылдар жана Асад режиминин катышуусунда өтө турган Казакстандын борбор шаары Астанадагы жыйын бүгүн башталганын билдирген. Жыйын жабык эшик артында 24 саатка созулат. Кагылышкан эки тарапты жолугуштурган сүйлөшүүлөргө Сирия өкмөтүнүн БУУдагы элчиси Башар Аль Жафери жетекчилик кылат. Анкарада макулдашкан оппозициячылдар болсо Ислам армиясынын өкүлү Мухаммед Аллуштун жетекчилигинде 50гө жакын өкүл менен катышат.

«Хүррүйет» гезити «Чек арага шаар» деген маалыматында Сирияда ДЕАШтан тазаланган 2 миң чарчы километрдик аянтта жашоо кайрадан калыбына келтириле турганын билдирген. Инфраструктура иштери, нан заводунун ачылуусу, таза суу берилиши, билим берүүнүн камсыздалышы жана зыянга учураган коомдук жайлардын кайрадан оңдолуусу үчүн Түркиядан жарандар жөнөтүлөт. Мугалим, доктур, мед айым, курулушчулар жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери калыбына келтирүүдө кызмат кылышат.

«Хабер түрк» гезити «Тышкы соодада бартер мезгили» деген маалыматында Иран менен башталган бартер жолу аркылуу тышкы соодага Орусиянын да кошулганын билдирген. Бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи импортто жана экспортто товарды товар менен айырбаштоо дегенди туюнкан бартер ыкмасын бардык өлкөлөргө жайылтуу үчүн иштеп жаткандарын айтты. Түфенкчи: «Ушул учурга чейин жалгыз гана Иран менен жүргүзүлүп жаткан, эми бир жумадан бери Орусия да муну колдоно баштады»,- деди.

«Сабах» гезити «2017-жыл ири долбоорлорго инвестиция салуунун жылы болот» деген маалыматында эл аралык транспорт коридорунун боюнда орун алган Түркиянын аймактык жана материктер аралык соодада көпүрөгө айлануусу үчүн пландалган ири транспорт долбоорлорун быйыл башташы максатталганын жазган. 1915 Чанаккале көпүрөсү, Баку-Тбилиси-Карс темир жол долбоору, Ризе-Артвин аэропорту үчүн тендер алдыңкы инвестициялар болот. Ал эми деңиздин үстүнө салына турчу аэропорт 2 миллион жүргүнчүгө кызмат көрсөтөт.



Тектеш кабарлар