Түрк басма сөзү 16.01.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

652295
Түрк басма сөзү 16.01.2017

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган 3 күндүн ичинде 3 Африка өлкөсүнө барат» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдоган 22-25-январь күндөрүнүн аралыгында Танзания, Мозамбик жана Мадагаскарга алгачкы сапарын жасай турганын билдирген. Сапардын негизги күн тартибин экономикалык кызматташуу жана Түрк кызматаштык жана координация агенттигинин (ТИКА) долбоорлору түзөт.

«Хүррийет» гезити «Трампка Иерусалим боюнча эскертүү» деген маалыматында Парижде 70 өлкө катышкан конференцияда Палестина-Израиль маселеси каралып, Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро АКШда 20-январда президенттик кызматын расмий түрдө баштай турган Дональд Трампты АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге ташыбашы боюнча эскерткенин жазган. Эйро мунун орчундуу жыйынтыктарды туудура турчу провакация экенин айтты. Биргелешкен отумда сөз алган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да «Аймакта туруктуу тынчтыктын тез арада камсыздалышы керектигин белгилеп, Түркиянын процесске колдоосун баса белгиледи. Чавушоглу айрыкча Палестина жерлеринде басып алуулардын токтотулушу, эгемендүү жана көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнүн аймакта тынчтыктын орнотулушу үчүн маанисин баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Бажы биримдиги менен айыл чарбада жаңылануу» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчи Бажы биримдигинин жаңылануусу менен  айыл-чарбада реформа болоорун айтканын жазган. Даярдыктардын уланып жатканын белгилеген Зейбекчи айыл-чарбада жаңы мезгилде Европа Биримдиги шайкештиги менен структуралык өзгөрүү болоорун билдирди. Айыл-чарбанын Бажы биримдигине кошулушу менен эттен буудайга чейин көптөгөн азыктын арзандай турганын маалымдады. Ошондой эле Европа Биримдиги менен Англиянын Брекситтен кийинки алакаларынын окшошун Түркия менен да түзүүсү темасында макулдашкандарын  баяндады.

«Ватан» гезити «Хүркуш куралданды» деген маалыматында террорго каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүү үчүн Түрк авиация жана космостук өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн улуттук билим берүү учагы Хүркүш-Сге жергиликтүү октор антика танка ракетасы УМТАШ менен Жирит ракеталары жайгаштырылганын билдирген.

«Сабах» гезити «Президент майып спортчуларды өз-өзүнчө куттуктады» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдоган Италиянын Удине шаарында өткөрүлгөн 22 жашка чейинки майып спортчулардын арасында баскетбол боюнча чемпионаттын финалында Англияны 53-38 упай эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болгон улуттук курама командага сюрприз кылганын жазган. Дөңгөлөктүү отургуч менен ойногон спортчулар кечээ Стамбулга кайтып келе жатканда, президент Эрдоган алар менен телефон аркылуу байланышып өз-өзүнчө куттуктады жана Бештепеге чакырды.



Тектеш кабарлар