Түрк басма сөзү 06.01.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

645931
Түрк басма сөзү 06.01.2017

«Хабер түрк» гезити «Баатырыбыз» деген макаласында  Измирде  сот имаратына бомба жайгаштырылган унаа, граната, куралдар менен кол салуу үчүн  барган террористти байкап калган полиция Фетих Секиндин абдан чоң кол салууга тоскоол болгондугун жазган. Огу бүткөнгө чейин  атышкан каарман полиция Секин 1 террорстти өлтүрдү. Кагылышууда Секин менен  Муса Жан каза тапты.

«Хүррийет» гезити «Аянтка кирдик, оюнду буздук» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Анкарада Кечиөрен метросунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө : «Адам сыяктуу алдыбызга чыкпагандар  террор менен бизди кыйын абалга салып, артыбыздан бычактоонун эсебин кылып жатышат»,- дегендигин билдирген. Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда жүргүзүлгөн Евфрат калканы кыймылына токтолгон президент : «Бизди террордук уюм ДЕАШ менен күрөшпөй жатат деп күнөөлөгөндөрдү кармаганыбызда алдыбызга чыгып «ашыкча кетпегиле» деп айтуулары жөн эмес. ДЕАШка каршы башка бир террордук уюмду колдогондордун оюндары жана шылтоолору Түркиянын аракетке өтүшү менен бузулду»,- деди.

«Сабах» гезити «Аракетке өт Түркия» деген макаласында үч белгилүү ысым Түлин Шахин, Йешим Салкым жана Эмине Сандалдын террордук кол салуулардан улам санааларын билдиришкендерин бирок жамандыктарды жеңүүнүн колубузда экендигин айтышкандыгын жазган. Эмина Сандал : «Бул жер биздин өлкөбүз. Эч жакка кетпейбиз. Ар дайым ушул жерде жашайбыз»,- деди. Йешим Салкым болсо : «Бул жер биздин өлкөбүз. Башка Түркия жок. Бирөөлөрдүн коркуу империясын жаратуусуна уруксат бербейбиз», десе Түлин Шахин  : «Тип тик турууга мажбурбуз. Бул өлкөнүн жарыгы өчпөйт. Бир туугандык жеңет. Турмуш токтобойт».

«Ватан» гезити «Соодага көп нерсе кошот» деген макаласында Катар акыркы 10 жылда Түркияга 19 миллиард долларлык түздөн түз инвестиция салды. Түркия Катардын инвестиция салган өлкөлөрдүн арасында төртүнчү орунда. Максат 35 миллиард доллар менен биринчи орундагы Франциянын ордун алуу. 2017 -  жылдын 18 – 20 -  апрелинде Катардын борбор шаары Дохада өтө турган EXPO Turkey by Qatar соода жарманкеси менен да эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын артуусу, соода көлөмүнүн өсөөрүн максат кылууда.

«Стар» гезити «Түрк аба жолу 30 -  мартта Харьковго учат» деген макаласында түрк аба жолдорунун Украинанын билим берүү, маданият жана өнөр жайы менен таанылган аймактарынын бири болгон Харьковду да учуу желесине кошкондугун билдирген. Түрк аба жолдору 30 -  марттан баштап жуманын 4 күнү Харьковго жасай турган каттамдарынын санын 30 -  майдан баштап жумада 7ге чыгарат.



Тектеш кабарлар