Түрк басма сөзү 30.12.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

641158
Түрк басма сөзү 30.12.2016

 

«Йени шафак» гезити «Сирияда ок атышпоолор башталды» деген маалыматында Сирияда алты жылдан бери болуп келе жаткан согушту бүтүрө турган кадамдын Анкара  - Москва макулдашуусу менен ташталгандыгын билдирген. Бүгүндөн баштап өлкөдө ок атышууларды токтотуу башталгандыгын жазган. Процессти иштеткен эки гарантер өлкө Түркия менен Орусиянын ортосунда «кызыл жол» түзүлдү. Түрк тышкы иштер министрлиги маалыматында : «Бул ок атышпоолорго бардык тараптардын баш ийүүсү маанилүү. Түркия жана Орусия кагылышпоолор үчүн  күчтүү колдоо берип жана муну бирдикте жүргүзүшөт»,- деп айтылды.

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган : Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин террордук уюм деп жарыялаган топтор ок атышпоолордун тышында» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Косованын президенти Хашим Тачи менен өткөргөн пресс – жыйынында : «Сириялык оппозициячылдар менен Орусия федерациясынын өкүлдөрү, Түркиянын аракеттери менен Анкарада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү. Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында режим жана оппозициянын ортосунда жалпы Сирияда ок атышпоолор тууралуу макулдашуу түзүлдү. БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан террордук уюм деп кабыл алынган топтор бул ок атышпоолордун тышында. Саясий процесстин жандандырылышы үчүн гарантер өлкөлөрдүн  көзөмөлүндө Казакстандын борбор шаары Астанада жыйын өткөрүлөт. Оппозициячыл топтор менен жолугушуулар болот. Женева процессин толуктоочу жана колдоочу мүнөздө болот»,- дегендигин билдирген.

«Ватан» гезити «Ел Бабга орус колдоосу» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын «Ел Бабда АКШнын жол башчылыгындагы коалициядан абадан жардам албай жатабыз»,- деп айтуусунан кийин түрк  аскерлерине колдоо берген Орусиядан келгендигин жазган. Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясы тарабынан жүргүзүлгөн Евфрат калканы кыймылына орус аскердик учактары биринчи жолу катышты. Орус реактивдер Ел Бабдын түштүгүндөгү террордук уюм ДЕАШка таандык курал сактоочу жерлер жана башкаруу борборлору менен ок өткөрбөс унааларды бутага алды. Түрк куралдуу күчтөрү да кургактыктан алдыга жылуусун улантты.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң жогорку лигасы бизди күтүүдө» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Түркия илимий жана технологиялык иликтөөлөр мекемеси ТҮБИТАК өткөргөн сыйлык берүү аземинде  Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюму ОЕСД 2017 Глобалдык өнүгүү перспективалары отчетунда Түркиянын жогорку жана улантууга боло турган өнүгүү группасында орун алгандыгын айткандыгын жазган. Президент Эрдоган сөзүндө : «Өнүгүү ылдамдыгын ушул боюнча уланта  турган болсок 2030 -  жылга чейин орто кирешелүү өлкөлөр группасынан жогорку кирешелеүү өлкөлөрдүн группасына кошуларын  ойлоп жатабыз. Башка бир сөз менен айтканда Түркия кадам кадам класс аттап жатат. Азыркы жашап жаткан мезгил өткөөл процесси. Бул процессти артка кадам таштабастан  өткөрө турган болсок дүйнөнүн эң жогорку лигасы бизди күтүп жатат. Максаттарыбызды ишке ашырып, өз проектилерибизди турмушка ашырып, толук көз карандысыздыктын негиздерин орундаттык, орундатууну да улантабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Жибутиден Түркияга атайын экономикалык аймак» деген маалыматында Африканын негизги соода жерлеринен Жибути менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты  өнүктүрүп жаткандыгын жазган. Жибути тарабынан 500 гектардык бир участок 99 жылдыгына түрк инвесторлорго берилүүдө. Түрк атайын экономикалык аймагы катары белгиленген участок тууралуу иш алып бара турган инвесторлорго Жибути тарабынан жеңилдиктер берилет. Түркия  - Жибути иш форумунда сөз сүйлөгөн экономик министри Нихат Зейбекчи : «Түркия атайын экономикалык аймагы деңиз жээгинде. Бул аянтта эрежелер Түркия тарабынан коюлат»,- деди.



Тектеш кабарлар