Түрк басма сөзү-27.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

639005
Түрк басма сөзү-27.12.2016

«Сабах» гезити «Түркия ОЕСDда жогорку класска өттү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын коопсуздук маселелери менен бирге өсүүсүн далилдеген өлкө болгонун айтканын баяндаган. Акыркы убактарда күчөгөн террордук кол салуулардын экономикалык кол салуулар менен да коштолушунун себебинин Түркиянын бардык тармакта жетишкен ийгиликтери экендигин белгилеген Эрдоган, Түркиянын 2023-жыл максатттарына жетүүсүнө эч ким бөгөт боло албай турганын баса белгиледи. Эрдоган ОЕСDнин Түркия да арасында орун алган 8 мамлекеттин орто кирешелүү өлкө классынан жогорку кирешелүү өлкөлөр классына өткөнүн жарыялаганынын сүйүнчүсүн берди.

«Стар» гезити «ФЕТӨ, ДЕАШ жана Боко Харам сыяктуу радикалдык уюм» аттуу макаласында Түрк америка улуттук координация комитетинин Чикагодо америкалык мусулман коомчулуктарын жолугуштурган MAS-ICNA конгрессинде «15-июль жана төңкөрүшкө туруштук берген баатырлар» аттуу жыйналыш өткөрүлгөнүн маалымдаган. Жыйналышта сөз сүйлөгөн Аял жана демократия коомунун (KADEM) жетекичи орун басары Сүмея Эрдоган, төңкөрүш аракетине бөгөт коюлушунун Түркия жана аймак үчүн маанисин түшүндүрдү. Сүмея Эрдоган ФЕТӨнүн, ДЕАШ жана Боко Харам сыяктуу радикалдык уюм экенин белгилеп, «Эгер бул топтун токтотулушу үчүн кеч калбастан кадамдар ташталбаса бүткүл дүйнө үчүн абдан олуттуу коркунуч болот»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Коалициялык күчтөр ДЕАШ менен күрөшүүдө Түркияны жалгыз калтырды» аттуу маалыматында президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Сириянын түндүгүндөгү Эл Баб аймагында террор уюуму ДЕАШ менен күрөшүү темасында эл аралык коалициянын Түркияга колдоо көрсөтпөгөнүн сынга алганын белгилеген. «Евфрат калканы» кыймылында 1900 чарчы км аянттын террор элементтеринен тазаланганын белгилеген Калын, ДЕАШ менен күрөшүү темасында Түркияны ар бир мүмкүнчүлүктө сындаганга аракет кылгандардын абадан колдоо көрсөтпөөлөрүнүн кабыл алынгыс экендигин айтты. Ибрахим Калын: «Евфрат калканы кыймылын Түркия толук чечкиндүүлүк менен улантат. Бул операция аягына чыгат»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Мүнбич планы даяр» деген маалыматында «Евфрат калканы» кыймылы менен курчоого алынган Эл Бабдын борбордук маалаларына алгачкы десанттык топтор кире баштаганын жазган. Көзөмөл камсыздалган маалаларда ДЕАШ колдонгон миналар көңүлдү бурду. Террористтердин профессиналдык армия колдонгон миналарды райондогу үйлөргө тузак кылып салганы байкалды.Түрк куралдуу күчтөрү-Эркин Сирия армиясы шериктештигинин Эл Бабдан кийинки бутасы да террор уюму ПЙДнын басып алуусу астындагы Мүнбич району катары белгиленди. Мүнбич үчүн кыймыл планы да даяр. Планга караганда Эл Бабдан кийин эң көп 10 күн өтпөй Мүнбичке кирилет. Бир тараптан АКШ, террор уюму ПЙДга учак атуучу курал берүүгө даярданууда. Террор уюмуна бериле турган учак аткычтын негизги максаты ПЙДга Мүнбичте ачык колдоо көрсөтүү дегенди берет. Ал эмес ДЕАШтын учагы жок. Берилген учак аткычтардын Эл Бабдан кийин Түркиянын абадан колдоо көрсөтүүсүн сындыруу экендиги божомолдонууда.

«Хүррийет» гезити «Жоголгон муун долбоору» деген маалыматында вице-премьер Вейсел Кайнак баш калкалоочу лагерлеринин тышында жоголгон сириялык муун бар экенин айтканын баяндаган. Европа Биримдиги менен «Жоголгон муундар долбоору» боюнча иштеп жаткандарын жарыялаган Кайнак: «ЕБ долбоорго бере турган материалдык жардамдын мектеп, оорукана курулушунда колдонулушун каалабайт, бирок биргелешкен бир пикирге келип бул долбоорду ишке ашырабыз»,-деди. Ортодо жоголгон муун ыктымалдуулугу болгонун белгилеген Кайнак: «Бул жоголгон муун Түркияда калса да Сирияга кетсе да Европа үчүн чоң коркунуч туудурат. Бул үчүн бир долбоор иштеп чыгабыз»,-деди. Кайнак, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө Батыш өлкөлөрүнүн чынчыл болбогондоруна токтолуп, «Террористтердин колдорунда немис чыгарылышы танка аткычтар бар. Булар бул куралдарды кантип табышты?»-деп каршылык көрсөттү.



Тектеш кабарлар