Түрк басма сөзү 23.12.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

636396
Түрк басма сөзү 23.12.2016

«Стар» гезити «Токтой турган болсок Севрге кайтабыз» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын «Дүйнөнүн жана аймагыбыздын кайрадан курулушуна аракет кылынып жаткан бул орчундуу мезгилде эгерде токтой турган болсок Севр келишимине кайтабыз»,- дегендигин билдирген. Президент Эрдоган Бештепе Миллет маданият жана конгресс борборунда өткөрүлгөн ачылуу аземдеринде сүйлөгөн сөзүндө :«Күрөшүүнү улантабыз»,- деди. Түркиянын көз карандысыздык согушунан кийинки эң чоң күрөшүн жүргүзүп жаткандыгын белгилеген Эрдоган : «Бул күрөш бир улут, бир байрак, бир мекен, бир мамлекет күрөшү»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Карлов эми түрк – орус достугунун түбөлүк символу» деген маалыматында премьер – министр Бинали Йылдырымдын элчи Андрей Карловдун өлтүрүлүшү менен Орусиянын Анкара элчилигине көңүл айтып баргандыгын жазган. Йылдырым элчиликтин көңүл айтуу дептерине буларды жазды : «Орусия федерациясынын Анкара элчиси урматтуу Андрей Карловду террордук кол салууда жоготуу кайгысын чын жүрөктөн сезип жатам. Бул кол салуу менен Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым – катнаштар жана эки улуттун ортосундагы достук көпүрөлөрдү кулатууну каалагандар максатына жете албайт, кылмышкерлер аныкталып, ылайык болгон жазаны тартат. Орусия менен карым – катнаштарыбызга абдан чоң салым кошкон Карлов эми түрк – орус достугунун түбөлүк символу болду».

«Йени шафак» гезити «15 -  июлдан кийин 7 миллиард лиралык кредит» деген макаласында европалык өлкөлөрдүн башында турган бир топ батыштык кредит мекемеси Түркия экономикасын бир тараптан сынга алса, бир тараптан  өлкөдөгү проектилерге финансы берүү үчүн кезекке тургандыгын жазган. Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин түрк фирмаларына инвестицияларда колдонуу үчүн  өлкө тышынан 4 миллиард 800 миллион лиралык узун мөөнөттүү кредит берилди. Менчик сектор 15 -  июлдан кийин облигация экспорттоо жолу менен да 2 миллиард 200 миллион лиралык карыз алууга кол койду. Адистер ТАНАП жана ушуга окшогон проектилер менен сандын дагы да жогорулай тургандыгына көңүлдөрдү бурушууда.

«Сабах» гезити «Жеңген Түркия болоду» деген макаласында Спор Тото супер лигасындагы командаларда форма кийген жергиликтүү жана чет элдик футболчулар террордук окуяларга каршы биримдикке басым жасоо үчүн Vodafone Arenaда аянтка чыгышты. Шейиттерге урмат – сый мачтында жергиликтүү жылдыздар чет элдик жылдыздарды 4 – 3 упайга жеңип алды. Матчтан алынган кирешелер үй – бүлө жана социалдык саясаттар министрлигинин арачылыгы менен террордук кол салууларда шейит болгон жана жаралангандардын үй – бүлөлөрүнө берилет.

«Ватан» гезити «Фаворит дагы Түркия» деген маалыматында Орусияда эрте резервациялар мурунку жылга караганда 3 жарым эсе өсүп, фаворт өлкө Түркия болгондугун жазган. Орусияда тур операторлорунун пикирлерин алган «Коммерсант» гезити алдыбыздагы жыл үчүн өлкө тышы турларына болгон эрте резервациялардын өткөн жылга караганда орточо 2 – 3  эсеге чыккандыгын, Түркиянын өткөн жылы жоготкон биринчилик орундугуна кайрадан кайтуусунун күтүлүп жаткандыгын жазган.

 

 



Тектеш кабарлар