Түрк басма сөзү-13.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

629812
Түрк басма сөзү-13.12.2016

«Сабах» гезити «Зулумду, террористти кечирбейбиз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулдагы террордук кол салуудан кийин Ыкчам кыймыл күчтөрүнүн кеңсесинин директорлугуна барып полиция кызматкерлерине кайрылуусунда, «Сизге берилген укуктарды террор менен күрөшүү үчүн колдонуудан тартынбагыла. Бул укугуңарды колдонгула. Эгерде зулумду кечирсеңиздер, бейкүнөө калкка кыянаттык кылган болосуңар. Зулумдардан террористти эч качан аябагыла, эмне керек болсо ошону кылгыла»,-дегенин берген. Мамлекет катары ар дайым коопсуздук күчтөрүн колдой тургандарын белгилеген Эрдоган, акыркы мезгилдеги террордук кыймылдардын империалист күчтөрдүн Түркияны бөлүп жарууга карай аракеттери болгонун айтып, «Түркиянын жана түрктүн күчтөнүшүн булар эч качан көрө алышпайт. Буга аябай ичи тарып жатат. Эмне кылышса дагы биздин ыйманыбыз бар. Бул өлкө тарыхта болгону сыяктуу күчтүү орунда кайрадан олтурат»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Ким дос, ким душман көрүбүз келет» аттуу маалыматында Стамбулдагы мыкаачылык кол салууну моюнга алган ПККнын Европа өлкөлөрү тарабынан корголуп, колдоого алынышына каршылык көрсөткөн вице-премьер Нуман Куртулмуштун: «Террор уюмдары куралдарды базардан алышпаса керек. ПККнын Европадагы иш-чараларын чектей турган мамиле көрсөтүүсүн талап кылабыз»,-деп айтканын берген. Учурда дагы деле Европада ПККнын бир топ өлкөдө ишин жүргүзгөн ар кимге маалым болгонун белгилеген Куртулмуш: «Уюмга кошомат кылгандар ПККга каршы чыккан түрк жарандарына кысым көрсөтүүгө чейин ар түрдүү кыймылды кылышууда»,-деди. Куртулмуш Европа өлкөлөрүнүн террор менен күрөшүүдө урмат-сыйлуу болуулары керектигин айтып, «Эми жетет, жалгыз эле сөз менен эмес, ишке ашырууда да террор менен күрөшүүдө Түркияны жактаганын көрсөтүүлөрү керек»,-деди.

 «Стар» гезити «ЕБнин катчысынын жооп бере албаган суроосу» аттуу маалыматында ЕБ Комиссиясынын басма сөз катчысынын орун басары Александр Винтерштайн бир журналисттин : «ПККнын ЕБнин террор уюмдарынын тизмесинде болгону эске алынганда, ЕБне мүчө өлкөлөрдү, ПККнын кыймылдарына каршы так кадамдарды таштоого чакырып жатасыздарбы?» деген суроосуна жооп бере албаганын жазган. Бул суроонун ЕБнин саясий лидерлерине суралышы керектигин айткан Винтерштайн, ЕБнин расмий ачыктоолорунда «террор» сөзүнүн орун албаганын жактады. Винтерштайн, ЕБнин жооптуу кызматкерлеринин террористтер менен жолугушуулары тууралуу да, «ЕБ Комиссиясынын ПКК жана террор менен күрөшүүсү ачык ортодо турат»,-деп гана тим болду.

«Йени шафак» гезити «АКШ, ПККга кайра курал берди» деген маалыматында АКШ Стамбулдагы мыкаачылык кол салууларда 44 кишини шейит кылган террор уюму ПККга тынымсыз курал берип жатканын жазган. Сирияда ПКК-ПЙДнын көзөмөлүндөгү Кобани Римейлан, Камышлы жана Айн Иса аймактарына кайрадан абадан курал ташталды. ПЙДлыктардын «кичине бир армия курулат» деп моюнга алган куралдардын арасында учак аткычтар да бар. АКШнын аймакка мындан мурда берген жардамдарынын бир бөлүгүн террор уюму ДЕАШка кеткени да белгилүү болгон.

«Ватан» гезити «Экономика үчүн маанилүү алдын алуулар жасалды» деген маалыматында вице-премьер Мехмет Шимшектин глобалдык соодада начарлоо, өнүгүп бара жаткан өлкөлөргө капитал агымында азаюу жана геополитикалык чыңалуулар экономикалык өсүүгө бир аз терс таасир тийгизгенин белгилеп, экономика үчүн керектүү алдын алуулар жасалганын айтканын маалымдаган. Каржы министри Нажи Агбал да үстүбүздөгү жылдын акыркы чейрегинде алдын ала көрсөткүчтөрдүн экономикага байланыштуу оң белгилерди бергенин белгилеп, «Биз көргөн чаралар аткарылат. Структуралык реформалар менен тышкы коньюктурада боло турган оң өнүгүүлөр 2017-жылы өсүүнүн ылдамдашын колдойт»,-деди.



Тектеш кабарлар