Түрк басма сөзү 8.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

626534
Түрк басма сөзү 8.12.2016

«Сабах» гезити «Түркия Германияга каршылык көрсөттү» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдогандын Президенттик комплексте айыл өкмөт башчыларынын жыйынында сөз сүйлөгөнүн билдирген. Германияда паспорт жана өздүк документтерин уурдаткан Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрага орун басары Айшенур Бахчекапылынын аэропортто немис полициясы тарабынан күттүрүлгөнүнө президент Эрдоган да каршылык көрсөттү. Президент Эрдоган: «Сен террористи алып өлкөңдө конок кылып жатасын. Бирок бул өлкөнүн парламентинин төрага орун басарын жана делегациясын ал жерде каалгада бир топ саат күттүрүп койдун. Эми буларга ошондой мамиле кылышыбыз керек эмеспи? Андан кийин «Эрдоган диктатор» дейсиңер. Сен менин парламент төрага орун басарыма ушундай түрдөгү жаңылыштыкты кылсаң менин да буга ошондой эле жооп кайтарышым керек»,-деп катуу каршылык көрсөттү.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдиги Түркиясыз коопсуздугун камсыздай албайт» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Орусияга сапары убагында Европа Биримдигине билдирүүлөрдү айтканын жазган. Бинали Йылдырым: «Европа Биримдигине мүчөлүк кайрылуубуздун артка кайтырылышы жөнүндө чечим чыккан жок. Европа Биримдиги биз үчүн эмес, өздөрүнүн  келечеги үчүн жакшы ойлонуп иш кылышы керек. Антпесе Европанын келечеги жана коопсуздугу Түркия болбостон камсыздалышы мүмкүн эмес. Ушул себептен чечим чыгарып жатканда жыйынтыктарынын кандай болоорун жакшы ойлонуулары керек»,-деди. Өкмөт башчы Йылдырым Орус кабар агенттиги Риа новостиге берген маалыматында Орусия жана Түркиянын Европа Биримдиги менен ар түрдүү тармактарда биригүүчү жери болгонун баса белгилеп, «Ушул себептен чечим чыгарып жатканда жыйынтыктарынын эмнелер боло турганын абдан жакшы ойлонуулары керек»,деген көз карашын бөлүштү.

«Хабер түрк» гезити «Алгачкы электр энергиясы менен жүрүүчү автобус жолдо» деген маалыматында Түркияда жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен жасалып чыккан алгачкы электр энергиясы менен жүрүүчү автобустун 2017-жылы жолдордо болоорун билдирген.  Электр энергиясы менен жүрүчү автобус Avenue EV 8 мүнөттө толук зарядала алат жана бир жолу заряддап 50-70 км жолду басып өтөт. Келечекте шаар ичинде электр энергиясы менен жүрүүчү унаалар мажбурдуулук боло турганын баса белгилеген илим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү: «Жылдын алгачкы 10 айында, автомобиль экспортубуз саны жагынан 12 пайызга өстү. Доллар жана евро жагынан 10 пайыз өсүү көрсөттү. Бул сандар автомобиль секторубуздун канчалык күчтүү болгонун ортого салууда»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Булуңдун банкы ВВК Түркияда» аттуу маалыматында Бахрейндин эң чоң банктарынан Bank of Bahrain and Kuwait (BBK) Түркияда өкүлчүлүк ачканын маалымдаган. Курулган жери Бахрейн королдугу менен катар Кувейт, Индия жана Дубайда ишин жүргүзгөн, физикалык жактан орун албаган өлкөлөрдө да эл аралык банкчылык департаменти аркылуу тейлеген ВВК, Түркияда ачкан өкүлчүлүк менен Түркия жана аймактын арасында соода көпүрөсүн курууну, иш мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү максаттайт.

«Ватан» гезити «Түрк футболунда алгачкы жаңылык: валюта колдонуу токтойт» деген маалыматында Спор тото супер лигасынын командасы Медипол Башакшехирден түрк лирасына баа берилиши үчүн башталган кампанияга колдоо келгенин белгилеген. Клубдун жазуу түрүндөгү жарыясында 1-декабрдан баштап бардык техникалык команда жана футболчулардын төлөмдөрүнүн түрк лирасы менен жасай турганы айтылды. Башакшехирдин эң оболу ишке ашыра баштаган бул токтому, башчы Гөксел Гүмүшдаг тарабынан Клубдар биримдиги жыйналышында да күн тартипке келип, башка клубдардын ушул убакка дейре келишимдерде түзүлбөсө дагы мындан кийинки баскычта бул жагдай эске алынышы талап кылынат. Көпчүлүк колдогон учурунда бул теманын эрежеге айлана турганы күн тартипте.



Тектеш кабарлар