Түрк басма сөзү 28.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

618845
Түрк басма сөзү 28.11.2016

«Ватан» гезити «Түркияга ырахмат» деген маалыматында Израилде 22-ноябрда болгон жана бардык аймакка жайылган өрттөрдүн, Түркия да арасында болгон көп сандаган өлкөнүн жардамы менен өчүрүлгөндүгүн билдирген. Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху өрттөрдү өчүрүү үчүн жөнөтүлгөн чет өлкөнүн учактары конгон «Хатзор» аба базасына барып, пилоттор менен жолугушту. Жооптуу кызматкерлерден маалымат алган Нетаньяху, Түрк авиация мекемесинин өрт өчүрүүчү тобунда кызмат кылган пилоттор менен сүйлөшкөндөн кийин түрк учагынын алдында маалымат жыйынын өткөрүп, өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөткөн бардык чет элдик топторго ырахмат айтты. Израилдин президенти Реувен Ривлин да, Түркиянын Израилге жөнөткөн өрт өчүрүүчү учактары үчүн кечээ президент Режеп Тайип Эдоган менен телефон аркылуу байланышып ыраазычылыгын билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Дубалдын артын көрө алат» деген маалыматында түрк инженерлери, чет өлкөдө коопсуздук күчтөрү тарабынан операция жана барымтадагы адамды куткарууда көп колдонулган жана дубалдын артындагы кыймылдуулук жөнүндө маалымат берген радарды жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен  иштеп чыгышкандарын билдирген. Бул система көз менен көрүүгө болбогон, оптикалык сенсорлор менен маалымат чогултулбаган, ортодо дубал сыяктуу тоскоолдуктар болгон учурларда артындагы жандуунун кыймылын аныктап берет.

«Сабах» гезити «Трамптан эки нерсе күтүлөт» деген макаласында вице-премьер Нуман Куртулмуш АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын Түркия карым-катнаштарында түзө турган жаңы мезгилден үмүттүү экендигин сөз кылганын жазган. Нуман Куртулмуш: «АКШнын жаңы башкаруучулугунан күтүүбүз, 78 миллиондук түрк элинин талабына жооп берип Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы жана Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД менен болгон алакаларын кайрадан карап чыгуусу. Мен жеке өзүм үмүттүүмүн»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Кызматташтык өзгөчөлүк жаратат» деген макаласында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Тегеранга сапарында Ирандын президенти Хасан Рухани менен жолугушканын жазган. Рухани Сирия менен Ирактагы ырааттулуктун камсыздалуусу үчүн Түркия менен дагы көп кызматташтык түзүлүүсү керектигин айтты.

«Хүррүйет» гезити «Италияда сахнада» деген маалыматында актриса Серра Йылмаз «La bartarda di İstanbul» аттуу оюнду Италияда кайрадан коюп берүүгө даярданып жатканын билдирген. Февраль айында чагылдырыла турган оюн үчүн толкунданган оюнчу, Италияда ар кайсы жерлерге илинген афишалардын фотосүрөттөрүн инстаграмда бөлүштү.



Тектеш кабарлар