Түрк басма сөзү 25.11.2016

Бүгүн чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

617738
Түрк басма сөзү 25.11.2016

«Йени шафак» гезити «Германиянын өз отчетун эске салды» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Германиянын тышкы иштер министри Штайнмайер менен 15 -  ноябрда Анкарадагы жолугушуусунда Штайнмайердин алдына Германиянын ички чалгындоо уюму Федералдык Конституцияны Коргоо Уюму тарабынан 2015 -  жыл июль айында жарыяланган ПКК отчетун койгондугун жазган. Федералдык Конституцияны Коргоо Уюмунун маалыматтарына караганда жикчил террордук уюм ПКК Германияда 1984 -  жылдан бери активдүү. Германиядагы ПКК мүчөлөрүнүн саны 1993 -  жылы 7 миңге жакын болсо бул сан 2014 – жылы 14 миңге жеткен. Ушуга карабастан териштирүү жүргүзбөгөндөй эле акыркы эки жылда Германиядагы террор санынын артканы белгиленген. ПККлыктар тууралуу немис мекмелери тарабынан акыркы 10 жылда ачылган 4 миң 500 териштирүүнүн жыйынтыгы алигече белгисиз. Өлкөдө оор террордук кылмыштардан улам аракетке өткөн Федералдык башкы прокуратуранын 1992 -  жылдан бери ПКК мүчөлөрүнө карата 71 гана доо ачышы көңүлдөрдү бурууда. Ушул күнгө чейин Германиядан эң аз 130 кишинин Сирияга барып ПЙД, ЙПГге кошулгандыгы жана бул жерде согушкандыгы да аныкталды. Отчетто Германиянын ПКК үчүн «ишенимдүү жер» экендиги, колдоочуларынан 13 миллион евро акча чогулткандыгы боюнча маалыматка да орун берилди.  Отчетто айрыкча ПККнын 1993 – жылы Германиянын ар башка шаарларында чыгарган  өрттөргө да көңүл бурулду. Кезекте түрк дипломаттар, банктар, ресторандар, коомдор бар эле.

«Хүррийет» гезити «Түрк штабына кол салуу» деген макаласында Сирияда улантылып жаткан «Евфрат калканы» операциясынын 93 – күнү аймактан жаман кабар келгендигин жазган. Террордук уюм ДЕАШтын Сириядагы экинчи негизги борбору болгон Ел Бабга карата кыймылга колдоо берген Түрк куралдуу күчтөрүнө абадан жасалган кол салууда 3 аскер шейит болду. Бирөөсү оор болуу менен 10 аскер да жараланды. Башкы штабдын төрагалыгы кол салуунун кечээ таңга маал болгондугун жана кол салууну Сирия режим күчтөрүнүн ишке ашыргандыгы билдирилди. Кол салуунун өткөн жылы Түркиянын орус учагын атып түшүргөн 24 -  ноябрда болушу көңүлдөрдү бурду. Кол салуунун Сирия аба күчтөрүнө таандык Албатрос моделиндеги Чех республикасында жасалган кичинекей машыктыруучу учак менен жасалгандыгы ортого салынды.

«Хабер түрк» гезити «Шанхай Кызматташтык Уюмуна кызыккан тарап болуу маанилүү» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак Шанхай Кызматташтык Уюмунун энергетика клубунун 2017 -  жылдагы кезектешкен төрагалыгын биринчи жолу Түркиянын алышына абдан чоң маани беришкендерин айтты. Аданада кечээ башталган Чыгыш Жер Ортолук деңизинин жетинчи Түркия энергетика жыйынында сөз сүйлөгөн министр Албайрак, январь айында жаратылыш газ сактоо тууралуу маанилүү кабар беришерин  жана бул тууралуу маанилүү кадам ташташарын айтты. Албайрак Чыгыш Жер Ортолук деңиз газында да жаңы бир сүйлөшүү мезгилине кирилгендигин айтты.

«Сабах» гезити «Инвестор артка кадам таштаган жок» деген макаласында Түркияда Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылына карабастан технология демилгелерине жасалган инвестициялар ылдамдыгын токтотпогондугун жазган. Startups.watch тарабынан жасалган иликтөөгө караганда үчүнчү чейректе ортого чыккан сандар мурунку чейрек менен салыштырылганда салынган инвестиция көлөмүндө 47 пайыздык артуу көрсөтүүдө. 2015 -  жылдын үчүнчү чейрегине караганда артуу 19 пайыз болуп ишке ашты. Август айынын ичинде 7 башка инвестиция келишиминин түзүлүшү жана 5,4 миллион доллар сыяктуу акчанын чогулушу Түркияга болгон ишенимдин көрсөткүчү катары каралууда.

«Ватан» гезити «Нетаньяхудан Түркияга рахмат» деген маалыматында Израилде башта Иерусалим жана Хайфа шаарлары болуу менен 13 башка жерде чыккан токой өрттөрү шамалдын таасири менен жайылып, Тель Авив башкаруусунун өрт өчүрүү иштерине колдоо Түркиядан келгендигин жазган. Израилдин премьер – министрлик офисинен берилген маалыматта Түркия жиберген учак менен бирге өрттөрдү өчүрүүгө аракет кылган чет элдик өрт өчүрүү учак санынын 10го жеткендиги белгиленди. Пемьер – министрлик мурунку күнү берген маалыматында Нетаньяхунун Түркия менен бирге Греция, Түштүк Кипр Рум Башкаруусу жана Италиядан да жардам суранары белгиленген. Нетаньяху Түркиянын берген колдоосунан улам рахмат айтты.



Тектеш кабарлар