Түрк басма сөзү 4.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

603720
Түрк басма сөзү 4.11.2016

«Хүррийет» гезити «Германия террорго калкан болууда» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдогандын кечээ Президенттик комплексте өткөрүлгөн аземдеги сөзүндө, Германияга качып кеткен Фетуллахчы террор уюмунун мүчөлөрүнүн тапшырылбай турганын билдирген Германиянын адилет министри Хайко Мааска каршылык көрсөткөнүн жазган. Эрдоган: «Германиянын бул мамилесине санаркоо жана таң калуу менен байкоо салып жатабыз. Германия террорго калкан болууда. Террор балээси бумеранг сыяктуу кайра сизге тийет. Террор уюмдары чаян сыктуу. Акыры кайтып келип, аны жонунда көтөрүп жүргөндү да чагат»,-деди.

«Стар» гезити «ФЕТӨ түп-тамыры менен жок кылынганга чейин Өзгөчө кырдаал уланат» деген маалыматында, Европа Биримдиги министри Өмер Челик Афинада Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас менен жолугушкандан кийинки билдирүүсүндө: «Фетуллахчы террор уюму түп-тамыры менен жок кылынганга чейин күрөшөбүз, ошондуктан Өзгөчө кырдаал уланат»,-дегенин жазган. Төңкөрүш аракетинен бери 4 ай өткөнүнө карабастан дагы деле Европа Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкердин Түркияга келбегенин белгилеген Челик, а бирок түрк элинин Европа Биримдигине жылуу кароосунун эң негизги себептеринин бири асыранды режимдерге жана төңкөрүштөргө каршы кепилдик катары көргөнүн, бирок акыркы мезгилдерде Европа Биримдигинин жарыялаган билдирүүлөрү кабыл алынгыс экенин айтты. Өмер Челик: «Генералдардын үчтөн бири төңкөрүшчү болуп чыкты, дагы эле армиядан чыгарылып жаткандар болуп жатканда "бара-бара чечилет" деп атууга акыбыз жок»,-деди.

«Ватан» гезити «Анкарага Невада сыяктуу учкучсуз учак борбору» деген макаласында Түрк куралдуу күчтөрүнүн карамагында учкучсуз учуучу учактар үчүн жаңы башкаруу борбору курулуп жатканын билдирген. Түрк куралдуу күчтөрүнүн комплекстүү байланыш системасы болгон TAFİCS аркылуу иштей турган системада бардык учкучсуз учактар Анкарадагы борбордон башкарылат. Абадагы бардык учкучсуз учактардын жөнөткөн көрүнүштөрү Анкарадан түз көрүлүп турат. АКШ армиясы да ушуга окшогон борбор аркылуу Невада жана Нью-Мексикодон башкарууда.

«Йени шафак» гезити «Түрк модели» аттуу макаласында Түркия-Африка экономикалык жана ишкердик форумунда жарыяланган бирегелешкен декларацияга караганда, мындан кийинки Түркия-Африка экономика жана ишкердик форумунун 2018-жылы Африкада өткөрүлүшүнө чечим чыгарылганын жазган. Форумда Африкадагы жергиликтүү элди иш менен камсыз кылуу, технологияларды өткөрүп берүү жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн түрк компанияларынын Африкада атайын экономикалык зоналар менен логистикалык борборлордун курулушуна колдоо көрсөтүү, өндүрүү жана иштетүү тармактарын шыктандыруу темаларында макулдашуу түзүлдү.

«Хабер түрк» гезити «Босфор кинофестивалы өтөт» деген маалыматында кинону өзгөчө жаш киночулар менен жолугуштурууну максаттаган 4-Эл аралык Босфор кинофестивалы 10-18-ноябрь күндөрүнүн аралыгында өтө турганын билдирген. Фестивалдын жетекчиси Огүн Шанлыер фестивалдын быйылкы темасынын «Карап турбадык» экенин белгилеп: «15-июль төңкөрүш аракетин түшүндүргөн тандамал тасмалар көрсөтүлүп, бул тууралуу семинар өткөрүлөт»,-деди.



Тектеш кабарлар