Түрк басма сөзү-18.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

592059
Түрк басма сөзү-18.10.2016

«Хүррийет» гезити «Анкара даяр турат» аттуу маалыматында коалициялык күчтөрдүн Иракта террор уюму ДЕАШтын колундагы акыркы чеп болгон Мусулду каратып алууга карай чоң кыймыл баштаганын маалымдаган. Түркия Мусул операциясынын башталышы менен бирге Ирак чек арасында коопсуздук чараларын арттырды. Ыктымалдуу көчкө карата Ирактын чек арасында керектүү даярдыктарды көрдү. Түрк куралдуу күчтөрү Мосул операциясына байланыштуу абалдарды 24 саат тынымсыз байкап жатат. Түрк жооптуу кызматтагылар Башикада түрк аскерлери машыктырган «Нинова күзөтчүлөрүнөн» орто эсеп менен 2 миң киши катышканын белгиледи. Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия катышпаган операциядан келип чыга турган натыйжаларга биз жооптуу болбойбуз. Биз операцияда да болобуз, сүйлөшүү үстөлүндө да»,-деди.

«Миллийет» гезити «Гарвардга сабак болгон түрк отели» аттуу маалыматында  Hillside Beach Club, Harvard Business Schoolда сабак темасы болгонун жазган. Окуу жай, Hillside Beach Clubдын  99 пайызга жеткен конокторун ыраазы кылышы жана дүйнөдө мындай өлчөмдөгү комплекстерде окшошу аз кездешкенин жана 68 пайыз деңгээлиндеги кайра кайтып келүү катнаштары каралган ийгилик аңгемесин «Жер Ортолук деңизде эң мыкты үй-бүлө эс алуусу сыноосун сунуштоо» аттуу эмгеги менен иликтенгенин жазган.

«Сабах» гезити «Халебде кыргын уланууда, 95 жаран каза болду» аттуу маалыматында Сириянын түндүгүндөгү Халебде режим күчтөрүнүн курчоосу астындагы аймактарга жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү жүргүзүлгөн абадан операцияларда жаңы төрөлгөн ымыркай менен кошо кеминде 95 киши каза тапканын, 200 киши жаракат алганын маалымдаган. Халебдеги жарандык коргонуу боюнча жоопту кызматкер Нежип Ансари, Орусия жана режимге таандык согуштук учактардын Халебде  башкарууга каршы болгондордун көзөмөлүндөгү аймактарга ар башка бомбалар менен кол салганын айтты.

«Ватан» гезити «Долбоорлоо дүйнөсү Стамбулга келе жатат» аттуу маалыматында эл аралык долбоорлоо дүйнөсү 19-23-октябрь күндөрүнүн арасында Стамбулда боло турган Түркия долбоорлоо жумалыгында жолуктура турганын баяндаган.Түркия долбоорлоо жумалыгы (Design Week Turkey) 19-октябрда «Лүтфү Кырдар» конгресс жана көргөзмө сарайында башталат.

«Стар» гезити «Түрк сериалдары быйыл абдан көп сатылат» аттуу маалыматында Дүйнөлүк телеберүү индустриясынын эң чоң базары болгон MIPCOM  2016 жарманкеси, Франциянын Канн шаарында кечээ башталганын баяндаган. 102 өлкөдө көрсөтүлгөн эң көп көрүлүү рекордуна жетишкен түрк сериалдары жана кино фильмдери жарманкеге чоң салым кошот. Стамбул Соода өнөр жай палатасынын 62 чарчы метрдик аянтта павильон куруп, улуттук катышууну камсыздаган жарманкеде сөз сүйлөгөн Стамбул Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Ибрахим Чаглар: «Түрк чыгарылышы, сериал жана кино тасмалардын, көңүл ачуу мазмундары сатылган MIPCOMдо быйыл абдан көп сатат»,-деди. И.Чаглар Түркияда ар жума сайын 50 чакты сериал тартылганын жана бул сериалдардын көпчүлүгүнүн 1 же 1,5 сааттык убакыты болгонун, жогорку сапаттуу чыгарылыштар болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар