Түрк басма сөзү-17.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

591474
Түрк басма сөзү-17.10.2016

 

«Сабах» гезити «Мосул операциясы башталды» аттуу маалыматында Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибадинин мамлекеттик телеканалдан берген жарыясында, Мосулду террор уюму ДЕАШтан тазалоо операциясынын башталганын белгилеп, шаар борборуна жалгыз гана армия жана полициялык күчтөрдүн кире турганын айтканын маалымдаган. Анда Ибадинин Мосул калкынын коопсуздук күчтөрү менен колдошуусу керектиги баса белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Анкара ортодогу суз абалды оңдоо үчүн Багдадга делегация жиберет» аттуу маалыматында Түркия, Мосулга жакын жердеги Башика лагерине байланыштуу кризистин чечилиши жана Анкаранын тезистери түшүндүрүлүшү үчүн бул жуманын ичинде Багдадга делегация жибере турганын баяндаган. Иракка бара турган Анкаранын делегациясында Тышкы иштер министрлиги, Башкы штаб жана Улуттук чалгындоо уюмунун өкүлдөрү орун алат. Делегациянын күн тартибинде Мосул операциясы жана Түркиянын Мосулга жакын жердеги Башика лагери болот. Түркиянын Мосул операциясына кошулуу талабы жана Башика лагерине байланыштуу өткөн аптада Анкара-Багдад арасындагы каяша айтышуулар чыңалууну жогорулатып жиберген. Эі акырында АКШнын да Мосул операциясына кимдер катыша турганын Ирактын чече турганын айтышы чыңалууну дагы да күчөттү. Түркиянын Мосул операциясына кошулуу талабына байланыштуу президент Режеп Таййип Эрдоган, «Түркияны каалашпаса «В» планыбыз бар»,-деп айтып чечкиндүүлүктү ортого салды.

«Хүррийет» гезити «Дабык бүттү, кезек Эл Бабда» аттуу маалыматында «Евфрат калканы» кыймылынын 54-күнүндө Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосун алган Эркин Сирия армиясы, террор уюму ДЕАШ жагынан символдук мааниге ээ болгон Дабык айылына киргенин жана аны каратып алганын жазды. Эң эле төмөн туруштук кылган террор уюму ДЕАШтын Дабыкты таштап чыгып аймактагы эң чоң отурукташкан жери болгон түштүктөгү Эл Бабга чегингенин белгилеген. Эркин Сирия армиясынын кийинки максаты Эл Баб болот.

«Йени шафак» гезити «Евразия тоннели дйнөнүн эң мыкты тоннели болуп тандалды» аттуу маалыматтында абдан баш аламандуу жана сейсмикалык кыймылдуулугу жогору геологиялык түзүлүштө, 106 метр тереңдикке салынган Евразия тоннелинин АКШдан чоң сыйлык алганын белгилеген. Стамбулдун эки жээгин бириктире турган Евразия тоннели ачыла электе эле дүйнөнүн эң мыктысы болуп тандалды. 20-декабрда ачыла турган Евразия тоннели,   Engineering News Record(ENR) журналынын «Глобалдык эң мыкты долбоорлор сыйлыктары» тизмесинде көпүрө-тоннель номинациясында биринчиликти алды.

«Стар» гезити «Түркиядан Европага жыл сайын 1500 мерседес кичиавтобустар жөнөтүлөт» деген маалыматында Мерседес, ыйгарым укуктуу жогорку куруучусу Arobus менен Европага кичиавтобус экспорттой туганын маалымдаган. Эі башында 1500 унаа менен баштала турган долбоор 3 миңге чейин көбөйтүлөт.



Тектеш кабарлар