Түрк басма сөзү 10.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

586354
Түрк басма сөзү 10.10.2016

«Хүррийет» гезити «Көзөмөл бекетинде 5 тонналык чыккынчылык» деген макаласында мыкаачы террристтер кечээ эртең менен Хаккаринин Шемдинли районундагы  текшерүү бекетинде алгач аскерлерге ок атып, андан соң 5 тонналык бомба жүктөлгөн жүк ташуучу унаа менен кол салгандарын жазган. ПККлык террористтердин кол салуусунан 10 аскер менен 5 карапайым тургун шейит болуп, 11и аскер 27 киши жаракат алды.

«Сабах» гезити «Шемдинлиде мыкаачылык кол салуу» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн операцияларынын негизинде курчоого алынган террордук уюм ПККнын эмне кылыштын айласын таппай Хаккаринин Шемдинли районуна кол салгандыгын жазган. Кол салуудан 10 аскер шейит болуп, 1и ирандык жалпы 5 жаран каза тапты. Президент Режеп Тайип Эрдоган, элден бөлүнгөн ПККнын террордук уюмдар ФЕТӨ жана ДЕАШ сыяктуу кан төгүп, бар болгондугун аныктоого аракет кылгандыгына көңүл бурду. Ал эми премьер-министр Бинали Йылдырым өтө оор жоготууга учураган террор уюму ПККнын жанкечилик кол салууларды ишке ашырууга аракет кылып жатканын айтты. Түрк куралдуу күчтөрү да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул кол салуунун кыйроого учураган уюмдун көңүлүн көтөрүү үчүн аткарылган кол салуу болгондугу баяндалды.

«Ватан» гезити «Дүйнө жүзүндөгү эң бекем дело» деген макаласында адилет министри Бекир Боздаг 26-27-октябрда Феталлахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин Түркияга тапшырылышына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн АКШга бараарын айтканын жазган. Боздаг тапшыруу делосунун дүйнө жүзүндөгү үлгүлөр менен салыштырылганда эң бекем дело экенин баса белгиледи. Журналисттердин Анкарадагы өкүлдөрү менен жолугушкан Боздаг, АКШнын Пенсильвания штатында жашаган Феталлах Гүлендин Түркияга тапшырылышы темасындагы процесс жөнүндө маалымат берди. Тапшыруу чечиминин негизи соттук эмес экенине көңүл бурган Боздаг АКШ башкаруучулугу каалаган учурда соттон терс багытта чечим чыкпай турганын баса белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Энергетика кагылышуунун эмес тынчтыктын булагы болушу мүмкүн» деген макаласында энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак кечээ Стамбулда башталган 23-Дүйнөлүк энергетика конгресси үчүн тынчтыктын маанисин баса белгиледи. Албайрак: «Энергетика дипломатиясынын негизи, энергетика булактарынын кагылышуунун эмес тынчтыктын булагы болушун талап кылат. Дүйнөлүк базарлардын бул жерде тынчтык үчүн чогуу иштешүү түшүнүгүнө чоң салым кошушат деп ойлоймун»,- деди.



Тектеш кабарлар