Түрк басма сөзү 3.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

581676
Түрк басма сөзү 3.10.2016

«Йени шафак» гезити «960 чарчы километрдик жер эми коопсуз» деген маалыматында ДЕАШ менен катар терррордук уюмдар себепчи болгон коркунучтарды жок кылып, чек ара коопсуздугун күчөтүү жана коалиция күчтөрүнө колдоо көрсөтүү максатында Түрк куралдуу күчтөрү 24-августта баштаган «Евфрат калканы» кыймылы аркылуу чек аранын ДЕАШтан тазалангандыгын билдирген. Сириялык оппозициячылдар 960 чарчы километрдик аянтты көзөмөлгө алышты.

«Хүррүйет» гезити «Президенттик комплексте күн тартип Өзгөчө кырдаал» деген макаласында Министрлер кеңешинин бүгүн президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте чогула турганын жазган. Бул жыйын, шаршемби күнү Улуттук коопсуздук кеңешинин Өзгөчө кырдаалды дагы 3 айга узартууну сунуш кылышынан кийинки биринчи Министрлер кеңешинин жыйыны. Жыйында алгач ушул сунуш токтому каралат. Ички жана тышкы жагдайлар менен катар 15-июлдан кийин мекемелердин Фетуллахчы террор уюмуна каршы күрөшүүгө карата жүргүзгөн иш-чаралары да кеңири каралмакчы. ФЕТӨ, ПКК, ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарга каршы күрөшүү менен «Евфрат калканы» кыймылы да Министрлер кеңешинде талкуулана турчу темалардын арасында орун алууда.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн энергетикасы Түркияда» деген маалыматында ушул айдын ичинде Стамбулда өтө турган 23-Дүйнөлүк энергетика конгресси үчүн саналуу күндөр калганын билдирген. «Энергетика олимпиадасы» деп мүнөздөлгөн 9-13-октябрь күндөрүнүн аралыгында Стамбулда боло турчу конгресс президент Режеп Тайип Эрдогандын карамагында жана Энергетика министрлигинин жетекчилигинде өтөт. 80 өлкөдөн 250дөн ашуун баяндамачы катыша турган конгрессте сөз сүйлөй турган президент Режеп Тайип Эрдоган менен катар Түркияны премьер-министр Бинали Йылдырым, ошондой эле энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак өкүлдүк кылышат. Конгресске Түркия 40 жыл мурда 1977-жылы төрагалык кылган болчу.

«Ватан» гезити «Күн энергиясы үчүн миллиард доллардык инвестиция» деген маалыматында күн энергиясынын тендеринин биринчиси Коньянын Карапынар районунда боло турганын жазган. Ноябрда аткарылышы пландалган тендердин алкагында 1.5 миллиард доллардык инвестиция салынат. Миң мегаваттык көлөмдөгү долбоор Түркиянын эң ири күн энергиясы инвестициясы болмокчу.



Тектеш кабарлар