Түрк басма сөзү 30.09.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

579921
Түрк басма сөзү 30.09.2016

«Стар» гезити «ПЙДнин террордук коридоруна эч качан уруксат берилбейт» деген макаласында Улуттук коргонуу министри Фикри Ышык Ефрат калканынын Сирия чек арасындагы кыймыл борборун зыярат кылды. Ышык Ефрат калканы кыймылынын Эркин Сирия Армиясына керек болгон жардам берилгенде өз жерлерин коргой алгандыгын айтты. Ышык : «АКШга ар мүмкүнчүлүктө ПЙДнин бул жерде демографиялык түзүлүштү өзгөртүү кыймылына эч качан Түркия уруксат бербей тургандыгын айтык. Эмне болсо болсун бул жерде ПЙДнин аймактык аянт түзүүсүнө уруксат бербейбиз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркияга ишенебиз» деген макаласында америкалык энергия чоңу General Electric Гебзедеги Күч трансформатор заводун  Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Түркия аймагындагы алгачкы акылдуу заводго айланарын жазган. General Electric жаңы бир тест борборунун куруларын да билирди. Фирманын жогорку мартабалуу башкаруучусу Реналдо Гарсиа : «Түркияда 70 жылдан бери барбыз. Биз өлкөдөгү жана аймактагы, дүйнөдөгү талапты көргөнүбүздө бардык бул инвестициялардын кайра кайтуусунун абдан жакшы болорун ойлоп жатабыз. Кредиттик рейтинг сыяктуу факторлор убактылуу нерселер. Биз Түркиянын келечегине ишенебиз»,- деди.

«Ватан» гезити Парижде түрк тангосу» деген макаласында автомобиль ышкыбоздору кызыгуу менен күтүп жаткан Париж Motor Show каалгаларын басма сөз жана медиага ачканын билдирген. 16 -  октябрга чейин ачык боло турган Show 7 марканын катышуусу менен башталды. Бирок Түркияда өндүрүлгөн моделдер дүйнөнүн эң эски жарманкесинин кадыр – баркын сактап калды. Fiat, Honda, Hyundai, Renaultтун Түркиядагы заводдорунда 2 миллиард долларлык инвестиция менен ортого чыккан 9 жаңы модель жарманкеге чыкты. TOYOTA Түркиянын 350 миллион евро инвестиция менен жылдын акыркы чейрегинде Адапазары заводунда өндүрүшү баштала турган C-HR модели да  көргөзмөгө чыкты. C-HR 14 -  ноябрда дүйнөдө биринчи жолу Түркияда сатууга чыгат.

«Сабах» гезити «Оператор кемчилигин түрктөр жабат» деген макаласында бул жылы Түркиянын ордуна Испания, Португалия жана Грецияга барган европалык туристтер күткөн кызматты көрө албагандыктан 2017 – жыл үчүн багытты кайрадан Түркияга бургандыгын жазган. 2017 – жылы «Түркияда коопсуздук маселеси бар» деген шылтоо менен тарайган европалык тур операторлорунун ордун эми түрк тур операторлору толтурат. 2015 – жылы Голландия, Бельгия жана Германия базарынан 500 миң турист алып келген Corendon Grupтун башкаруу кеңешинин төрагасы Йылдырай Караер келерки жыл үчүн Түркияга абдан чоң кызыгуунун бар экендигин айтты.

«Йени шафак» гезити «Түрк маркасы дүйнө лигасында» деген макаласында күчтүү марка катары сапаты менен дүйнөдө кабыл алынган түрк кийим фирмалары белгилүү спорт клубдарынын да тандаган фирмалары болгондугун жазган. Кийим  секторунда дүйнөнүн эң белгилүү маркаларынын Италия жана Испанияда экендиги сөз болсо да бул өлкөлөрдүн тектүү футбол клубдары да түрк фирмаларынын спонсорлугун тандады. Спартак Москва менен бирге Македония улуттук курама командасына жана Ла Лигадан Депортиво Алавезге расмий спонсор болгон D'S Damatтын алдыбыздагы сезондо белгилүү англис клубу Manchester Cityнин жана Италиядан Парма командаларынын футболчуларын кийдирүүсү күтүлүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар